Токбай айылында «Ассаламу» фонду тарабынан каржыланып жаткан курулушта үч айылдын тургундары жумуш менен камсыз болушту.
Жалпысынан, бул курулушта үч бригада эмгектенет. Исмаил, Кызыл-Туу, Токбай жана Кун-Туу айылдарынын тургундары.
«Жумуш жакшы, жасай турган иштер көп. Буюрса, жапатырмак бүтүрөбүз. Айлык маянабыз канааттандырат, эки бөлүп беришет. Жөн жүрбөй жаштар акча таап, үй-булөлорүн багып жатышат»-деп айтты курулушта иштеген Токбай айылынын тургуну Марат Шаршенбаев.
Айылдын эли да абдан кубанычта .
«Буюрса, бизде да заманбап комплекс курулууда. Канча жылдан бери балдарыбыз кошуна айылга барып окуп келе жатышат. Эми бул көйгөй чечилет деп ойлойм. Жаш келиндер да жакында жумушка алынып калышат»- деп айтты Жекшен Малабеков.
Кошумчалап айта кетсек, комплекстин ичинде медресе, мектеп, жатакана жана башка имараттар курулуп жатат.
Даярдаган: Аяна Орозбекова