Кыргызстанда калктын 59% интернет колдонот деп 2017 жылы M-Vector компаниясы жасаган социологиялык изилдөөлөрдүн негизинде айтылган. Интернетти кыргызстандыктардын 41% жаңылыктарды окуу үчүн, 46% — социалдык тармактарга кирүү үчүн колдонгон.
Интернетти шаар тургундарынын 73% жана айыл тургундарынын 52% колдонот. Мобилдик телефон интернетке чыгууга негизги жабдык деп аныкталган. Айыл жергесинде интернетке байланышууга 94% телефон колдонулат. Жаштар интернетке телефон аркылуу кирсе, улуу муун болсо үйдөгү компьютерден кабель жана телефон линиясы аркылуу интернетке байланышкан. Тиркемелердин арасында эң популярдуу WhatsApp деп табылган, аны 96% колдонушкан. Почта сайттарынынын колдонуучулардын 70% -Mail.ru, 22% Gmail пайдаланган.Интернет колдонуучулардын 81% күн сайын, 14% — жумасына 2-3 жолу, калгандары андан да азыраак байланышкан.
Социалдык тармактарды шаар тургундарыны 58%, айыл тургундарынын 39% колдонушкан. Социалдык тармактарды эң көп колдонгондордор – 14-35 жаштагылар, 60%, эң аз колдонгондоо – 65 жаштан улуу адамдар, 5%. Эң көп колдонулган социалдык тармак деп «Одноклассники» аталган – 35%, андан кийин Instagram -23% жана Facebook — 13%.
Социалдык тармактарды сүйлөшүүгө деп колдонуучулардын 70% жооп беришкен, 40% жаңылыктар үчүн, 25 % керектүү маалымат издөө, анын ичинде билим алуу үчүн пайдаланган. Социалдык тармактардын колдонуучулардын 28% жарым сааттан аз, 27% жарым сааттан бир саатка чейин, 29% — 1-2 саат пайдаланам деп жооп беришкен.
Эң көп колдонулган социалдык тармак деп «Одноклассники» аталган – 35%, андан кийин Instagram 23% жана Facebook — 13%. Бул M – Vector-дун маалыматы Светлана Марголистин студиясынын билдирүүсү менен дал келбей турат.
Кыргызстанда кайсы социалдык тармак эң популярдуу?
Бүгүнкү абал менен таанышуу максатында сурамжылоого катышыңыз деп чакырабыз.
Сурамжылоо: Интернетти кайсы максатта колдоносуз?
Маалымат төмөнкү булактардан алынды:
Даярдаган: Аида Молдалиева