Жайыл районуна караштуу Ставрополовка айылынын мечити кышында калың кар жагадыктан, чатыры карды көтөрө албай кулап калган. Эми мечит оңдоодон өтүп, мечитке эл келе баштады.
Бул тууралуу Ставполовка айылынын имамы Дүйшөнкул Жапаркулов менен маек курдук.
“Бул мечитти эки жыл мурун 250 миң сом каражат сарптап салгам. Быйылкы жылы табияттын татаал шартында, мечиттин үстүн кар басып кулап калган. Бирок ошол боюнча калтыруудан баш тарттым да, үй-бүлөөм менен кеңешип, оңдоого бел байладым”, — деди ал.



Имам Дүйшөнкул 76 жашка чыкса да, бир максатты көп жылдан бери эңсеп келгенин айтат.
“Негизги менин максатым — демөөрчүлөр чыкса жаңы мечит куруп, ушул айылдын жаштарын, жаш муундарын окутуп, медресе сыяктуу кылып койсом деген оюм бар”, — деп кошумчалады ал.
Даярдаган: Аймээрим Кадырбекова
Тренер: Гүлзада Бейшенбекова
Сынак үчүн