2020-жылы бүткүл дүйнөлүк пандемия учурунда Кыргызстандагы мектептер дагы жабылып аралыктан окутууга өткөн болчу. Ошол учурда 11- классты аралыктан аяктаган окуучулар, жогорку окуу жайга тапшырып, ал жерде дагы аралыктан окууга дуушар болушкан.
Ал эми Ой-Терскен орто мектебинин 2020-жылдагы бүтүрүүчүлөрү өзүлөрүнүн пандемия учурундагы жетишкендиктери жана кыйынчылыктары менен бөлүшүштү.
Азыр И. Арабаев атындагы окуу жайда 1-курсту аяктаган Алмасбек кызы Диана пандемиянын жакшы дагы, жаман дагы таасир бергенин айтты:
«Эң биринчиден мектепти аяктап жатканда классташтарыбыз менен чогуу боло албай жаман болсом, экинчиден ЖРТга даярдануу үзгүлтүккө учурап калды. Негизи даярдыкты шаардагы курстарга барып өтмөкпүз, ал жакка дагы бара албай, бир чети онлайн окууга агы көнө албай жаман болдук. Андан тышкары, өзүмдүн жана жакындарымын ден-соолугуна дагы кооптонуп турдум. Ошентсе дагы, республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайга тапшырып, азыр 1-курсту ийгиликтүү аяктап жатам. Ал эми жакшы жагы — жашоонун баалуулуктарын билүүгө, ата-энемди барктоого, жакындарымды, бөбөктөрүмдү мурункудан дагы жакшы көрүп баштадым.»
Пандемия учурунда 1-курсту онлайн окуп баштаганда абдан кыйналганын, бирок кийин өздөштүрүп кеткендиги жөнүндө Баястан Турдалиев айтып берди:
«Чындыгында КОВИД-19 бизге абдан терс таасирин берди. Мен азыр КГУСТАда программист кесибин окуп жатам. Жогорку окуу жайга тапшырганда эле онлайн окуп абдан кыйналдык. Материалдарды өздөштүрүү кыйын болду. Ошентсе дагы, биздин университет онлайн учурунда конкурстарды уюштуруп, ал конкурстарда алдыңкы орундарга жетиштим. Ал эми кадимки окуу башталып жаңыдан көнүп калганда кайра онлайн форматка өтүп, окуубуздан аксап калып жаттык.
Ошентсе дагы шаарга келгенден кийин көптөгөн уюмдарга мүчө болуп, ыктыярчы болуп жүрдүм. Ыктыярчы болуп жүргөндө өзүмө көптөгөн досторду жана тажрыйбаларды топтой алдым. Мисалы, өзүбүздүн университеттин арт-драма ийриминде көркөм окуу боюнча катышып жатам.
Андан тышкары, «Ата-Журт» коомдук фондунда ыктыярчымын, «Университеттин лидерлик клубунда» мүчө болуп, анын аркасы менен башкаруу кеңешине кошулдум. Башында абдан көп клубдарга катышып алып, арасынан өзүмө жакын, өзүм алып кете алчу нерселерди алып калып, ошол фонддор менен активдүү иштешип жатам. Албетте, пандемия экинчи бизде кайталанбай, ар дайым өлкөбүздө жакшы нерселер гана болушун каалайм».
Асель Уркунбаева