Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтү боюнча той, мааракелерде ашыкча чыгымдар токтотулат.
Бул боюнча айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Абдираим Джураев: «2019-жыл жыйынтыгы боюнча айыл өкмөттүн деңгээлинде чоң жыйын болду. Жыйын учурунда Аялдар Кеңеши тарабынан иштелип чыгып, жыйынга сунушталган «Той мааракелердеги ашыкча чыгымдарды токтотуу боюнча» жобо бир добуштан кабыл алынды деп маалымат берди. «Жобого ылайык той мааракелердеги буга чейин салт катары кабыл алынып келген ашыкча чыгымдар токтотулат. Жобонун аткарылуусун ар бир айылдагы аялдар кеңеши көзөмөл кылат», -деп маалымат берди Абдраим Джураев. Белгилей кетсек, Сүлүктү шаарында маркумду акыркы сапарга узатууда, аза күткөн үйдөн үч күнгө чейин эч кандай мал союлбайт, тамак-аш берилбейт деген жобо иштеп, жакшы натыйжа берип жатат.
Даярдаган: Барчынай Алимова