Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын тез жардам бөлүмүнө 35 жыл дегенде жаңы унаа берилди.
Тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлери 7 айылга кызмат кылышат. Бул бөлүмдө 10дон ашуун жумушчу эмгектенип келет. Айылдын элдеринин айтуусу боюнча тез жардам кызматы өз ишин так жана даана аткарып жатышат.
Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов төмөндөгүлөргө токтолду: Мына быйыл Ооган-Талаа тез жардамына 35 жыл дегенде жаңы кызмат унаасын алып келип беришти. Тез жардам кызматкерлери абдан кубанычта».
Бул кызмат машинеси унаа заводунан чыкканына эми 5-6 айдын жүзү болду. Тез жардам унаасы Могол айыл аймагына кызмат кылат.
Даярдаган: Адилет Канат уулу, Ильяз кызы Жылдыз