Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу «Андарак 2» орто мектебине 2004- жылы КСДП нын депутаттары келип, мектепке спорт зал куруу келишимине кол койгон. 2015- жылдын март айында тийиштүү органдардын өкүлдөрү келип, курулуш иштерин баштап, 2016-жылдын сентиябрь айында стандартка жооп берген спорт зал бүтүп, пайдаланууга тапшырылды.
Спорт залга кеткен чыгым жалпысынан 11 000 000 сомду түздү.
Бул тууралуу толук маалыматты мектеп директору Хаким Хамитовичтен алдык. «Бул «Андарак 2″орто мекnебинин спорт залы 2016-жылдын 1-сентябрь айында пайдаланууга берилди. Бул жумуштун башталышына себепчи болгон КСДП нын депутаттары 2004-жылы келгенде биз аларга көйгөйүбүз менен ааныштырганда жардам берүүгө убада берген. 2015-жылдын март айында келип, көрүп баардык тийиштүү органдардан эко тхникалык инспекциядан, жергиликтүү бийликтен, акимчиликтен депутаттар биргеликте келип, макулдашып, курулуш 2015-жылы сентиябрь айында толугу менен стандартка жооп бере тургандай курулуп пайдаланууга берилди. Спорт залдын жалпы каражаты 11 000 000 сомду түздү. Баардык шарттары каралган, узундугу 24ээни 12 атайынкыздар үчүн жуунуучу жайлар каралган, бир окуучу үчүн шкафтар коюлган суу дайыма агып турат»-деп билдирди мектеп директору.

Андан тышкары спорт залдын ичинде күрөш матасы, стенкалар баскетбол ойноочу мугалимдерге атайын бөлмөлө каралган.

Илхом Ташмуратов «Андарак 2» мектебинде 5-класста окуйт ал өз сөсүндө «Мага спорт зал жагат биз бул жакта валейбол ойнойбуз. Былтырлары класста эле шашки, шахмат ойноочубубуз, бизде валейбол, баскетбол, күрөш алганга шарт жок болчу дейт мектептин окуучусу Ташмуратов.

Балдардын ата-энелери да келечете спорт залга машыгып кыргызстандын желегин көтөрө турган спортчулар чыгат деген үмүт кылаарын айтат.
Даярдаган: Сыймык Ибрагим уул
Редактору:Данияр Исакбаев