Лейлек районунун Андарак айылында жайгашкан Манас орто мектебинде 31-октябрь күнү Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү кечеси болуп өттү. Ага мектеп окуучулары жана мугалимдери катышты.
Ал жерде Таттыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы Нурканбек Турсунбаев окуучулар менен амандашып, Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу окуучуларга маалымат берди. Бул эскерүү кечесинде «Сулуунун эле сулуусу» аттуу жаңы даректүү тасманын бет ачары болду.

Андан соң Нурканбек Турсунбаев өзү тууралуу маалымат берип, Атай Огонбаевдин «Маш ботой» күүсүн чертип берди. Андан соң бир канча ырлар комуз, аккордеон жана домбранын коштоосу менен аткарылды.

Нурканбек Турсунбаев:
— Эми бул жакка далай жолу келгенбиз. Мындан он алты жыл мурун келдик эле, анда да ушундай жолугушуулар көп болгон. Азыркы келген максатыбыз — Таттыүбү эжеңердин тарыхый фильмдери тартылган жерге эки кабат музей тургузалы деп келдик. Ошол иш чаранын негизинде мектеп окуучулары менен жолугушуу уюштуруп, анан ошол быйылча фундаментин тургузуп кетели дедик. Эмки жыл эки кабаттуу заңгыраган музей тургузалы деп келип отурабыз. Бул мектебиңер жакшы бүтүптүр, ак жолтой мектеп болсун. Азыр Лейлектен Кадамжайга андан ары Ош облусуна барабыз. Келечектеги пландар тууралуу айта кетсем, мындан кийин анталогиясын чыгарганы турабыз. Анталогияга Таттыбүбүн кинолору кирет.
Таттыбүбү быйыл көзү тирүү болгондо 72 жашка чыкмак. Ал 1944-жылы 12-июлда азыркы Жумгал районуна караштуу Чаек айылында туулган. 37 жашында 1981-жылы 21-декабрда каза болгон.

Ал ондон ашык кинолордо башкы ролду ойногон. Мисалы «Кызыл алма», «Акмөөр» сыяктуу кинолордо роль ойногон.

Бул иш чара Манас орто мектебинин окуучуларына жакканы көрүнүп турду. Иш чара бүткөн соң эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.
Даярдаган : Исмаил кызы Зубаржат
Редактору: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн