Түп районуна караштуу Токтоян айылында АРИС уюмунун каржылыгында жаңы ФАП курулууда. Курулуш иштери 16-октятябрдан башталды.
Жаңы фельдшердик-акушердик пунктту (ФАП) куруу боюнча айыл өкмөт тараптан 500 миң, ал эми АРИС уюму тараптан 2 миллион 100 миң сом акча бөлүнгөн.
Пункт курулуп бүткөнгө чейин учурда эски ФАП айыл тургундарына кызмат көрсөтүүдө. Бишкектен келген курулушта иштеп жаткандардын бири Абдукалил Кадыров өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү баяндап берди.
“Биз учурда үчөөбүз иштеп жатабыз. Бул ФАП төрт бөлмөлүү болмокчу. Буйурса ушул жылдын декабрь айларында бул ФАП ишке киргизилет”, — деп билдирди куруучулардын бири Кадыров.
Айыл тургуну Жанара Чакарбаева жаңы ФАПтын курулуп жатканына кубанычын жашырган жок.
“Анткени учурда курулуп жаткан ФАП кененирээк болгону тургундар үчүн абдан жакшы болду”, — дейт айыл тургуну.
Салынып жаткан ФАПта тургундар үчүн жакшы шарттар түзүлгөндүгүн айыл башчы Албанов Атабек төмөндөгүчө баяндап берди.
“Негизи бул жаңы ФАП куруу маселеси боюнча бир жылча чуркап жүрдүм. Кудай буйруп бул долбоорубуз да өтүп кетти. Жаңы ФАПтын салынышын негизинен АРИС уюму каржылап жатат, ошондой эле айыл өкмөт тараптан да акча бөлүнүп берилди. Бул салынып жаткан ФАПтын ичинде айыл тургундар үчүн бардык шарттар түзүлдү жана ичинин бардыгы техника менен жабдылмакчы”, — деп билдирди айыл башчысы Албанов.
Даярдаган: Бейшембеков Азим
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн