Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Күз берекеси” атту сынагы болуп өттү. Сынакка 8-класстан 10-класска чейинкилер катышты.

Бул сынактын шартына ылайык ар бир класстан окуучу кыздар өз колдору менен жасаган көйнөктөрүн, салат жасап, аны кандайча жасагандыгын, фантазияга жараша жер-жемиштерден ар кандай нерселерди көргөзүп жана жактап берүү болду.
Калыстар курамында мектеп мугалимдери болсо, ал эми башкы калыс болуп мектеп директору Чолпон Сапарбекова болду. Калыстар жөн гана өз баасын бербестен, сын-пикирлер менен кошо өз кеп кеңештерин айтып жатышты.

Сынактын бир талабы өнөр көрсөтүү болду. Бул жаатта кээ бири ырдап кээ бири бийлесе, ал эми бири өзүнүн ийилчээктиги менен көрүүчүлөдү таң калтырды.
Окуучулар өз колдору менен жасап келген салаттарын кантип кылгандыгы тууралу айтып, жактап берип жатышты.

Конкурстун жалпы жыйынтыгы боюнча 8-в классы жеңишке жетишти.

Даярдаган: Тажиева Аима
Тренер: Касымалиева Айчолпон
Сынак үчүн