Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 Кызгалдак балдар бакчасында оңдоо иштери жүрүүдө. Мурунку кабарларыбызда билдиргендей, бала бакча жылуулук системасы жок болгондугуна байланыштуу, кышкысын иш алып барчу эмес.

Белгилүү болгондой оңдоо иштери сентябрь айынын орто ченинде башталаган. Бакчанын жетекчилиги оңдоо иштеринин ноябрь айынын аяк ченинде бүтөөрүн айтат. Бала бакча 2016-жылдын 1-декабрынан тартып, кайрадан ишке берилет.

№5 Кызгалдак балдар бакчасынын директору Базарбү Жуматаеванын айтымында, оңдоо иштерине 1 миллион 250 миң сом бөлүнгөн.

“Арис тарабынан 1 миллион 250 миң сом бөлүнгөн, азыр оңдоо иштери ортолоп калды. Канализациясы менен водопроводдору казылып, жаңы алынган трубалар коюлду. Сырткы иштер 1-2 күндө бүтөт, андан сөн ички оңдоо иштерине кийлигишебиз. Оңдоо иштери мөөнөтү боюнча 2,5 айга белгиленген, азыр 1,5 айы өттү, дагы 1 айлык жумуш калды. 2016-жылдын 1-декбрынан тартып, балдарды кайра ала баштайбыз”, — дейт Базарбү Жуматаева.

Бала бакчага жаңы унитаз жана раковиналар да орнотулган.
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн