Пандемияда онлайн сабак болгону баарыбызга белгилүү, ошол убакта окуучулардын көпчүлүк убактысы бош өттү. Айрымдары ата-энелерине жардам берсе, кээ бири китеп окуу менен алек болушту.
Алия Майрамбекова: «Мен пандемия учурунда көп китептерди окудум, мисалы «Менин досум», «Зоопарктан качкан жаныбарлар», «Карышкыр менен бээ» жана башка көп китептерди окугам. Мен ал китептерди мектептин китепканасынан жана айылдык китепканадан алып окуп жаттым».
Ариет Сталбек уулу: «Мен «Эрте келген турналар», «Көмөч казан», «Абышка менен кемпир» деген китептерди окугам.
Айназик Жанышбекова: «Мен «Эки дос», «Карышкыр менен коён», «Арстан менен коён», «Ит менен короз», «Адамдын пейили» деген жомок китептерди окугам. Мен жомок китептерди жакшы көргөндүктөн кээ бир китептерди ата-энеме саттырып келип окуп жаттым.»
Умар Доктурбеков: «Мен «Оролмо жип» жана «Динозаврлар» деген китептерди окугам.»
Адинай Алиева: «Мен «Казак элжомогу», » Түгөнбөс байлык «, «Кыргыз эл жомогу» деген жомок китептерди окугам»
Мыктыбек Абдыназаров: «Мен пандемияда «Мен кыргызмын», деген китепти окугам.»
Айжамал Эркинбекова: «Мен пандемия учурунда көп деле китеп окуган жокмун, анткени ата-энеме жардам берип жаттым. Бирок өзүм китеп окуганды жакшы көргөндүктөн китеп окууга кичине болсо да убакыт бөлдүм. Ал эми окуган китептеримди айта кетсем, «Эки дөөнүн күрөшү» жана «Манас эпосу» деген китептерди окугам.»
Байтик Үсөнакунов: «Аюу менен карышкыр», «Укмушту ичик», «Карышкыр менен коён», жана көптөгөн жомок китептерди окугам. Ал китептерди райондон сатып алып окудум.»
Айпери Марлес кызы