Төлөк айылында жылына 50гө чукул энелер көз жарышат. Айылда атайын төрөткана жок болгондуктан, алар райондун борборуна барышат. Тогуз айына чейин ФАПтын кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушуп андан соң карточкалары өздөрүнө берилип, төрөтканага жөнөтүлөт.
Айылда энелердин ден соолугу жакшы, айрым энелер аз кандуулук менен жабыр тартышат. Бирок аларга убагында рецепт менен дарылар берилип турат. Өнөкөт оорулары өтө курч болгон, каттоодо турган энелер жок.
Назгүл Токтогулова балдардын ден соолугуна кабатыр:
«Биз вакцина алсак, балдар да дени сак болобу деп ойлойм. Анткени, биз канчалык эрежелерди сактасак, балдар да оорудан алыс болот. Пандемиянын күчөшүнөн улам азыр кооптонуп турам, балдар оорубаса экен деп.»
Жийдекан Назарова үй-бүлөсүнүн ден соолу чын болушун каалап туура тамактанууну алдын алып жатканын атйтты:
«Азыркы тапта эч кандай оору менен ооруган жокмун. Пандемия учурунда эрежелерди сактадым жана вакцина алдым.
Анемия болгон жокмун себеби витаминдүү тамактарды жеп жатам. Уй-бүлөм менен чогу туура тамактанууну алдына алып жатабыз. Бара-бара көнүп кетебиз деген ойдомун.»
Сайкал Турусбек кызы «Балам өз алдынча болуп кетсе вакцина алам.»-дейт
«Ковид-19 илдетин кош бойлуу кезимде жуктуруп албайын деп үйдөн көп чыккан жокмун. Дарыгерлер жазып берген витаминдерди ичкенгеби анемия болгон жокмун. Азыр балам кичинекей, бир аз чоңоюп, өз алдынча болуп кетсе, вакцина алсамбы деп турам.»
Дастан Аманатов келинчегинин ден соолугу жакшы экенин айтты:
«Азыр келинчегим жакшы болуп калды. Ооруган жок. Келинчегим кош бойлуу кезинде оор көтөрткөн жокмун, колун муздак сууга салдыртпай, бээ, уй сааганга жардам берип жана көп оокат кылдырткан жокмун. Дарыгерлер текшерүүгө чакырганда убагында унаа менен алып барып келип жаттым.”
Раушан Чодубаева убагында анемияга каршы дары ичкенин айтты:
«Балдарым чоңоюп калган. Өзүмдүн ден соолугум жакшы. Убагында анемиянын дарысын дарыгерлер жазып берип ичкем. Вакцина да алдым, үй-бүлөм менен бирге оору-сыркоодон алыс элебиз.»
Алтынай Ибраимова жакын арада вакцина алууну ниет кылып жатат:
«Кудайга шүгүр, азыркы учурда эч кандай оору менен ооруган жокмун.
Пандемия учурунда вакцина алган эмесмин, буюрса алайын деген ниетим бар.
Анемияга кан тапшырган жокмун, эч кандай анемиянын белгилери байкалган жок.
Кош бойлуу кезимде эч кандай кыйынчылык болгон жок, кадимки кош бойлуу айымдардай эле өттү.»
Аида Абдыкеримова «Кош бойлуу учурда кыйынчылыкка учураган жокмун»-дейт
«Мен сасык тумоо болуп кайра жакшы болдум азыр жанымды кейиткен оорум жок буйурса.
Ковидке каршы вакцина сайылып аткан учурда кош бойлуу болуп ала алган эмесмин.
Азыр болсо анемия болгон жокмун себеби витаминдерди көп колдоном. Жашылчаларды, жер жемиштерди көп жейм. Кош бойлуу кезимде болсо эч кандай кыйынчылыкка учураган жокмун.»
Кайырбек Асанбеков келинчегинин жана баласынын ден соолугуна кам көрүп жатат:
«Учурда келинчегимдин акыбалы жакшы. Эч кандай коркунучтуу же жанды кейиткен оору болгон жок. Келинчегимди жана баламды аяп жумуш кылганга жардам берип аттым. Биз сарайларда жашагандыктан ооруканага ден соолугун текшерткенге өзүм машина менен алып барып кайра алып келип турам. Кош бойлуу кезинде анализ тапшыртып, кан басымын да текшертип жаттык.
Нураида Бакай кызы, Акылай Качкын кызы