Көпчүлүк Кыргызстанды бийик тоолорго, таза булактар жана сууга бай деп эсептешет. Ооба, улуттук статистикалык комитет калктын 94% ичүүчү таза суу менен камсыз деп эсептейт, бирок, акыйкатчынын отчетунан биз айылдардагы калктын арасында бул көрсөткүч 40%дан ашпай турганын билдик. Бул маалыматтын кайсынысы туура? kyrgyzmedia.kg сайтынын журналисттери анализдеди.

Айылдардагы суу түтүктөрүнүн абалы тууралуу официалдуу маалымат алуу үчүн Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигине кайрылдык. Анда 60-70 жыл мурун суу түтүктөрү курулуп, али оңдоп-түзөө иштери жасалбаган айылдар көп экени маалым болду. Стандартка ылайык, мындай түтүктөрдүн орточо кызмат мөөнөтү 25 жылды түзөт, андан кийин алар сууну металлдагы жагымсыз нерселер менен булгашы мүмкүн. Мындай региондордо миллионго жакын адам жашайт.
Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттиги ичүүчү сууга жетпеген айылдардын тизмеси жазылган дагы бир таблица менен бөлүштү. Маалыматта 234 миң кыргызстандык өз алдынча үй кудуктарын жасап, сууну алыстан ташып же арыктардагы, дарыялардагы сууну колдонушат. Бул айылдардын баарын камтыган интерактивдүү карта жасадык. Андан түштүк аймактарга көңүл буруңуз: ал жакта абал өзгөчө оор.
Мындай айылдардын бири Ноокат районунда жайгашкан Ак-Чабуу айылы. Облус борборунан жеңил автоунаа менен 1 саат алыстыктагы бул айылда 400дөн ашык адам жашайт. Алардын бири 70 жаштагы Муса Пирманов. Ал айылдагы суу боюнча абалга төмөндөгүчө токтолду:

“Биздин айылга суу тоодон келет. Бизге чейинки айылдын тургундары бул сууга таштандыларды ташташат. Биз анан ошол сууну ичебиз, башка айла жок… Ошондуктан, сууну үйгө алып келип, кайнатып жана тундурабыз. Бүт айыл сууну бул жерден ичет. Айыл өкмөт ушул жерге суу түтүгүн орнотуп, таза сууну айылга чыгарып койсо болмок. Мен 70 жашка чыгып калдым. Ушул кезге чейин мындай иш-аракеттерди көргөн жокмун”, — дейт Мурса Пирманов.
Таза суунун жоктугу түрдүү оорунун пайда болушуна алып келет
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму таза эмес суу бир катар ооруларды пайда кыларын билдирет, алардын бири гепатит А. Муну биздин изилдөөлөр дагы тастыктайт, тактап айтканда таза сууга муктаж болгон өлкөнүн түштүк региондорунда гепатит А менен ооругандардын саны жогору.

Гепатит А боорду жабыркатуучу, коркунучтуу жугуштуу оору. Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда көп кездешет. Мунун бирден бир себеби ичүүчү таза суунун жоктугу, дейт Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун врач эпидемиологу Насиба Бурханова.
Мындан эки жыл мурун өкмөт 2023-жылга чейин кыргызстандыктарды таза суу менен толук камсыз кылууну убада кылган. Ал эми ушул убакта Ичүүчү суу менен камсыздоочу жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Шамшидин Халов план боюнча 2026-жылга чейин калк таза суу менен камсыз болорун билдирди. Бул программа жана убадалар жаңы мөөнөттө ишке ашабы белгисиз. Ошондуктан азырынча кыргызстандыктар кир каналдардан суу ичип, ден соолугун тобокелге салууга аргасыз.
Авторлор: Касиет Кубанычбек кызы, Зыйнат Самар кызы, Назигүл Жусупова
Дата-редактор: Айзада Тома
Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган “Кыргызстандагы Интерньюс” “Медиа-К” долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.