Быйыл өлкөдө кургакчылык болуп көпчүлүк дыйкандарга маселе жаратты. Өсүмдүктөрдүн өсүүсүнүн негизги факторлорунун бири болгон суу тартыштыгын кантип чечсе болорун деги эле жарандар жер иштетип аны туруктуу киреше булагына айландыруу зарылдыгын айыл-чарба адиси Манас Саматов айтып берди.
Азыр фермерлер үлүш жерине болобу же короодогу бакчасынабы чакан суу сактагыч жасап алса максатка ылайык. Суу бар кезде көлмөнү толтуруп алып, андан кийин колдоно берсе болот.
Учурда заманбап суугаруунун натыйжалуу жолу жамгыр суугат системасы болуп эсептелет. Огороддун аянтына жараша аны айланта жер астынан суу түтүктөрүн көмүп туруп, ар бир керектүү жерден суу түтүктөрүн чыгарып пистолеттерди орнотсо болот. Бул биринчиден кол эмгегин кескин түрдө азайтат жана ошондой эле сууну үнөмдүү пайдаланууга болот. Суу тартыштыгын чечүү үчүн жакшы ыкмалар, илимий жетишкендиктер бар экенин айтат айыл-чарба адиси Манас Саматов:
“Азыр заманбап суугаруу ыкмалары бар. Бизде маалыматтын аздыгынан же акча каражатын бул багытка сарптабагандан улам бул иш жөнгө салынбай келет. Биз жамгыр сугат системасы же тамчылатып суугарууну колго алуубуз зарыл. Бирок иш ордунан жылды жылдан-жылга элде түшүнүк пайда болуп келе жатат. Короо тутуу маданиятын колго алууга убакыт келди. Мен дайыма айтып келем жакшы үй куруу бир теӊ анын айланасын туура пландап, гүлдү гүл ордуна, мөмөлү даракты өз ордуна тигип жашылдандыруу маанилүү.”
Бак тигип жаткан адамдар бизде суу кенен заманбап ыкмалар керек эмес деп ойлошот. Тамчы суугат системасы ишти бир топ жеӊилдетет. Анын артыкчылыктары абдан көп. Биринчиден кол суугат өтө оор жумуш, экинчиден бак даракка бирдей суу жетпей көпчүлүгү жерге сиӊип кетет ошондой эле бактын арасына отоо чөптөр көп өсүп кетүүсүн шарттайт.
Манас Саматов өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын кыдырып фермерлердин иштери менен таанышып жүрөт. Анын айтымында бизде кысыр(иштетилбей) жаткан жерлер арбын. Дыйкандар жерди натыйжалуу иштетүүнү өздөштүрүү зарыл:
“Ар бир айылда жашаган үй-бүлө туруктуу киреше алууну көздөп иш алып баруусу керек. Эгерде үй-бүлөӊүздө киреше булагы бар болсо жүзүӊүз жарык болот, ток жашайсыз, көӊүлүӊүз ток болот. Кудай берген жакшы жаратылышыбыз бар экенине мактанабыз. Таман алдыбызда жаткан кирешени иштетүүнү билбей жатабыз. Айрыкча быйыл кургакчылыкта ахвал оор экенин көрсөттү. Алтындай болгон жерибизди эмгек кылып, жашылдандырып мөмөлү дарактарды, гүлдөрдү тигип бардар жашоого умтулуубуз керек.”
Манас Саматов эч качан өкмөт, инвестрлар келип жасап берерин күтпөө керектигин айтат. Азыр жер менчик киреше тапкысы келген адам өз алдынча стандарттарга жооп берген сапаттуу продукцияны өндүрсө ортомчулар үйгө чейин келип алып кетишет.
Манас Саматов: көчөттөрдү жол жээктеринен, базардан сатып алганга болбойт
Бал челекчи: Аарынын бал бергенден башка көптөгөн пайдалары бар
Айгерим Кубатбекова