Суусамыр айыл аймагында бүгүнкү күндө аба ырайы -45-50 градуска чейин төмөн түштү.
Сууктун көрүнүшү
Бул тууралуу айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүздүк:
«Суусамырдагы суук -43-48Сге чейин айрым жерлерде -50’ жетип жатат. Малдарга бул кыйын эле болуп жатат сарайга кирген малдарга көп билинбесе керек, бирок сыртта турган малга кыйын эле болуп жатат. Сууктан мал арыктап жатат. Айыл тургундарына дагы кыйын болуп жатат себеби көпчүлүгүбүз сыртта мал менен алектенебиз. Мектептер жабылып окуучуларга дагы кыйын болуп жатат.»
«Мал кароодо кыйынчылык көп эле болуп жатат. Сууктун айынан кээде малдар суу ичпей калып жатат. Айрым кудуктар тоңуп калды. Кудуктар тоңуп калгандыгына байланыштуу сууну колонкалардан алып келип жатабыз.»
Аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу каникул 11-январдан 16-январга узартылган. Сууктун уланып жаткандыгына байланыштуу окуу 16-январдан 19-январга чейин онлайн форматка өттү.
Акылай Шамирдинова, Сумая Эрнисова