24-февралда Суусамыр айылында 5 айылдын (Тунук, МЖС, Май,Кожомкул, Кызыл-Ой ) арасында өткөрүлүп жаткан “Суусамыр айыл таланттары” деген темадагы ыр-кесе болуп өттү.
Ыр-кесени Тунук айылынын таланттуу жаштары баштап, өз өнөрлөрүн элге тартуулашты. Өткөрүлүп жаткан ыр-кесе долбоорунун максаты тууралуу Суусамыр айылдык маданият үйүнүн жетекчиси Талант Асаналиев төмөндөгүлөргө токтолду:
“ “Ыр-кесе” концертинин максаты облустук, райондук деңгээлге чыга турган айыл ичиндеги таланттуу, өнөрлүү жаштарды алып чыгуу. Андан тышкары быйыл 2017-жыл адеп, ыйман жана маданият жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу маданиятка салым кошуу да максаты бар.”
Ыр-кесеге баштан аяк 4 адам өзүнүн калыстыгын көрсөтүп, алардын катарын мектеп мугалимдери Шамыркулов Тилекбек, Сурмакан Назарбекова жана ар бир айылдын айыл башчылары толукташты. Калыстар тобунун төрайымы Сурмакан Назарбекова да өз оюн билдирип өттү:
“Бүгүнкү “Ыр-Кесе” долбоору абдан жакшы деңгээлге өттү.Тунук айылында абдан көп таланттуу жаштар бар экен.Андан тышкары албетте кемчиликтер да болду. Кийинки өткөрүлүүчү ыр-кеселерде ал кемчиликтер эске алынат деген ойдобуз.”
Эскерте кетсек ыр-кесе долбоорунун кийинки бөлүгүндө Май айылынын жаштары 10-мартта өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы