АКШда эмгектенип жүргөн Суусамыр айылында туулуп- өскөн спорт чебери Керимбек Кушубаков үй- бүлөсү Токтоболот Кушубаковдун атынан Суусамыр айылдык ооруканасына тез жардам кызматы үчүн “Honda stepwagon» үлгүсүндөгү унаа жана кычкылтек концентраторун белекке берди. Ал эми карындашы Курманжан Кушубакова АКШда студент болгонуна карабастан, дарыгерлер үчүн азык-түлүк тапшырды. Бир туугандарынын аманатын агалары Калыс жана Адис Кушубаковдор тапшырып беришти.
Суусамыр айылдык ооруканасында айылдын калкын тейлеген бир тез жардам унаасы бар болгону менен абалы начар болуп, акыркы учурларда тез жардам унаасы бузулуп, айыл өкмөттүн кызматтык унаасын пайдаланууга дуушар болушкан. Учурдагы абалга байланыштуу үйлөргө тез жардам чакыруулар көп болгондуктан, медицина кызматкерлерине оорчулук жаралып келген.
Жергиликтүү аксакал, акын Мелис Рыспеков каалоо -тилегин, ыраазычылыгын билдирди:
“Ушундай кыйынчылык болуп турганда эр-азаматтар илгертеден эле элин-жерин коргоп келген экен. Эми ушу балага кааларым өмүрү узун, бактылуу-таалайлуу, иштеген иши ийгиликтүү болсун, өркүнү өссүн, ушундай унаа тапшырып жатканына рахмат. Биз сүйүнүп жатабыз мындай балдар көбөйө берсин, бир сап ыр айта кетейин :
Оо жараткан кечире көр пенделерди,
Көп эле ката кетти.
Саламыңдан суурубайлы,
Сактай көр элди жерди.
Тилегибиз жакшылык,ооругандар сакайып кетсин,элиме амандык каалайм.”
Айыл аксакалы Мурат Жуматаев:
“Керимдин ушу кылганына жалпы эл ыраазы болуп жатат. Америкада жүрүп өз элиме жардамым тийсин деп ушу унааны жөнөтүп жатат. Уулума тилерим бактылуу, аман-эсен элине келсин. Биз тоолуу аймак жана кышы катаал болгондуктан оорукананын жетекчисине кайрылганбыз өкмөттөн тез жардам унаасын сурасаң боло деп, сыналгыдан көрсөк эле 200-300 унаа келди дейт ошонун бири дагы тийбейт. Кышында катаалчылыкта жашап жатканды эске алып, ушу унааны жиберди Керимге чоң рахмат. Баарыңыздарга ден соолук, ушу оорудан жеңил өтөлү, оорудан айыгалы.”
Суусамыр айылдык маданият үйүнүн башчысы Талант Асаналиев:
“Суусамыр айылында 7000 миң калкы жана беш айыл бар, деңиз деңгээлинен 2116м бийиктикте турган жерде жашайбыз. Ооруканада тез жардам унаалары бар, алардын абалдары начар акыбалда. Айылыбызда чоңойгон Керимбек деген жигит азыркы учурда АКШда иш сапары менен жүрөт. Алыста жүргөн Керимбек өз элине жаңы унаа алып берип чоң жардам кылып жатат. Баарыбыз ыраазыбыз ушундай намысттуу жигиттерибиз көп болсун, аман-эсен элиңе келсең Суусамыр эли урматтап-сыйлап алчу жигиттердин бирисиң.”
Суусамыр айыл аймагынын өкмөт башчысы Урмат Отунчиев да ыраазычылыгын билдирди:
“Бүгүн Суусамыр айыл аймагында жакшы жаңылык болуп отурат. Суусамыр элине тез жардам унаасы өтө керек болуп турганда. Ошол зарылчылыкты Болот Кушубаков агабыздын уулдары өз салымдарын кошуп отурат. Америкада жүрсө да өз чөнтөгүнөн каржылап өзүнүн элине жардам көрсөтүп жатат. Болот агабыздын үй- бүлөсүнө амандык, оорушпасын, ар дайым Кыргызстандын желегин желбиретип жүрсүн, ооруканага авто унаадан тышкары азык-түлүк, дары-дармек, СИЗ костюмдарын берип жатат. Суусамыр элинин, айыл өкмөттүн атынан терең ыраазылык билдиребиз. Ушу алып келген авто унаа учурунда барып элдердин өмүрүн сактаган унаалардан болсун.”
Суусамыр ооруканасынын жетекчиси Арзымат Шейшеевдин айтуусунда тез жардам машинесин 15 жыл колдонушкан, жаңы унаага азыр өтө муктаж болуп жатканда чоң жардам болду дейт:
“Биздин эң көйгөйлүү маселелердин бири тез жардам унаасы эле. Ооруканада бир эле тез жардам унаасы бар болчу, аны 15 жылдан бери колдонулуп, эскилиги жетип Төө-ашууну ашуу өтө кыйынчылык жаратып жаткан. Оорулуу бейтаптарды районго, шаарга жеткизгенге тез жардам унаасы өтө керек. Андан тышкары, тургунубуз дары-дармек, тамак-аш жагынан жардам көрсөттү. Медкызматкерледин жана өзүмдүн атыман Керим инибизге терең ыраазычылык билдирем. Ден соолукта, аман болсун.”
Тез жардам унаасын агасы Адис Кушубаков ооруканага келип тапшырып кетти:
“Суусамыр айылына тез жардам унаасын тапшыралы деп бир туугандар болуп сүйлөштүк. Бираз да болсо азык-түлүк, медкызматкерлерге керектүү СИЗ костюмдарды, районубуз алыс болгондуктан бейтаптарды тезирээк жеткирсин деп унааны тапшырдык. Баасын айтканда 6 000 миң долларга чукулдады. Элибизде тынчтык, аманчылык болсун, ушу оорудан жеңил өтүп кетели.”
Эскерте кетсек, коронавирус өлкөдө күч алгандан бери Суусамыр элинин саламаттыгына кайдыгер карабаган инсандар кычкылтек концентраторун, коргонуучу костюмдар, тамак-аш, дары-дармектер боюнча жардамдарын көрсөтүп колдоого алып келе жатышат.
Элизат Санжарбек кызы