Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектептин ашканасы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Бул тууралуу аталган орто мектептин директору Азамат Кашкариев билдирди.
“Ашкана тууралуу айтсак, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын биздин айыл өкмөт тарабынан проекттин негизинде ишке ашып отурат. Кечээ күнү жаңы каражаттар бардык талапка жооп бергендей кылып бүт баары орнотулду.” Жетекчинин айтымында, аткарылган иштер “Неско” компаниясы тарабынан жасалды.
“Неско” компаниясынын куруучуларына кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү айтты:
“Бул республика боюнча мектептин ашканаларына каражаттар коюлду. Республика боюнча 140 мектептен ашык мектептепрге коюлат. Кухняларга электр плитасын, муздаткыч жана стол, стулдарды алып келдик. Июнь айынан бери иштеп жатабыз жана азыркы убакта ашкананын курулушу бүтүп калды,” деп билдирди.
Даярдаган: Айтенир Индусбекова