Арамза жайлоосуна өтүүчү көпүрө кыска убакыт аралыгында пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Бул көпүрө 2019-жылы салынып пайдалуунага берилип, бир жыл айланып көпүрө кайра кулап калган.
Көпүрөнүн жоктугу жергиликтүү элге чон ынгайсыздыктарды жаратып келген. Арамза жайлоосуна өтчү көпүрө жеке Суусамыр айыл тургандарынан тышкары Панфилов, Москва, Жайыл райондорунун малчылары, дыйкандары өтүп келген.
Көпүрөнүн бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу Арамза көпүрөсүндө ондоп-түздөө иштерин жүргүзүп жаткан Амангелди Нургазиев төмөнкүчө маалымат берди:
«Бүгүнкү күндө көпүрөнүн алдыңкы тумбаларына керектүү материалдар төшөлүп бүттү, эми көпүрөнүн үстүңкү иштери калды. Кийинки бригада келип көпүрөнүн үстүнө цементтерин төшөп бүтөр замат көпүрө 8О пайыз бүтөт, андан соң сууну көпүрөгө буруп жол калыбына келтирилет».
Курулуш материалдары.
Көпүрөнүн учурдагы абалы.
Курулуш иштери.
Бегимай Шамирдинова