Ноябрь айынан баштап Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда унаа тыгындары байма-бай болууда.
Тыгындын пайда болуусунун себеби, айрым жеңил унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбагандыктан. Чоң тыгындын пайда болуусунун алдын алуу үчүн жол кызматкерлери түнү бою мал маалы менен жол кыймылын көзөмөлдөп турушат.Бирок ага карабастан унаалардын көптүгүнөн тыгын боло берет. Эске салсак 15-ноябрь аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен жолдорго муз тоңуп, айрым унаалар жолдун тайгактыгынан ордунан жыла албай калган.
( Төө-Ашуудагы унаа тыгыны )
2022-жылдын 16-ноябрынан 17-ноябрга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында жана Суусамыр-Талас унаа жолунун 5-14 чакырымында кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Айтурган Кушкарбекова