Суусамыр айылдык кеңешинде учурда 7-чакырылыштын депутаттары ишмердүүлүк жүргүзүп келүүдө. Айыл аймакта жалпы 21 депутат болсо, алардын ичинен 7 депутат аялдар. Жергиликтүү кеңештеги туруктуу комиссиялардын үчөөнү айымдар төрагалык кылышат. Буга чейинки 6-чакырылышта бир дагы аял депутат болгон эмес.
Тилек Чейнекеева Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары. өзү айылдык мектепте мугалим болуп эмгектенет. Айылдагы ар түрдүү көйгөйлүү маселелерди чечүүгө салым кошоюн деп депутаттыкка аттанганын айтат:
“Негизи ар тараптуу маселелерди көтөрөм. Мисалы, буга чейин мен көтөргөн маселенин ишке ашканына кайрылсак, таза суу маселеси жана айылдагы дүкөндөргө санэпидемиологиялык көзөмөл алып келип текшертүү. Анткени дүкөндөрдө мөөнөтү өткөн азык-түлүктөр, уруксат кагазадары жок азыктар сатыла берчү. Бирок эске сала кетчү нерсе, депутат көтөрүп чыккан маселенин чечилиши же чечилбей калышы, маанисинен дагы көз каранды.
Төраганын орун басары катары жергиликтүү кеңештин жалпы аткарылып жаткан иштерин көзөмөлдөйм жана кеңештин иш планын жөнгө салам, токтомдорду даярдайм.. Ар бир иштин өзүнө жана аткарылышына жараша татаалдыгы болот, ошондой эле, бул кызматтын дагы көзүн таап, бир жолго түшүп алгыча, көп кыйынчылыктар болду. Азыр эми оорчулугу деле жок болгондой сезилет”.
Суусамыр айылынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Урмат Алыпсатаров, аял депутаттар болгону отурумдарда этиканы сактоого, регламентти көзөмөлдөөгө дагы салымы зор деп эсептейт:
“Албетте жергиликтүү кеңеште аял депутаттардын болгону жакшы, себеби эркек киши түшүнбөгөн өтө көйгөйлүү маселелерди аял депутаттар жакшы түшүнөт. Мисалы, үй- бүлөдөгү маселеселер, социалдык багыттагы маселелерди көп көтөрүшөт. Менин оюмча эркек депутат менен аял депутаттын ортосунда айырмасы деле жок деп эсептейм. Башкысы оюн ачык айтып, маселе көтөрүп, чечүү жолдорун да сунуштай алышса. Кеңеште аял депутаттын болуусу бул тартипти сактоодо жана ошондой эле этиканы сактоодо дагы салымы чоң. Биз айыл жергеси болгондуктан бизде төрт туруктуу комиссия бар. Бюджеттик, социалдык, агрардык туруктуу комиссияларда үч айымды төрайым кылып шайлаганбыз”.
2019-жылы жергиликтүү депутаттар кеңешинин шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Жергиликтүү кеңештин депутаттар арасында мандатынын 30 пайызын аял талапкерлер үчүн резервдөө деп аталат. Бул мыйзам күчүнө киргенден кийин жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны кыйла өскөндүгу тууралуу “Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмесинин директору, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги Бакен Досалиева айтып берди:
“Эгер биз буга чейинки 2008-2012-2016-жылкы шайлоолорго көз чаптырсак, ошол маалда аялдардын депутаттыка келүүсүнө өтө көп тоскоолдуктар болгон. Аялдар чечим чыгаруу деңгээлине келе алышкан эмес. Ошол жердеги жергиликтүү кеңештин иштерине анализ жасасак депутат мырзалар, бизнести өнүктүрүү же жер бөлүштүрүү маселелерине көп көңүл бөлүшүп, бирок ошол эле бюджеттен социалдык маселеге акча бөлүштүрүү жокко эсе болчу. Ошол себептер менен аялдардын депутаттык корпуска келүүсү замандын талабы эле. Бул мыйзам депутаттыкка аял депутаттарды шайлап баштаган учурда гана бул мыйзам токтолушу мүмкүн. Ал эми ЖК дагы айым депутаттардын саны көбөйдү, бирок ошондо дагы аял депутаттардын саны 30 пайызга жетпейт.
Айым депутуттардын жергиликтүү кеңеште жана ЖК ошондой эле министрлер кеңешинде болуусу керек, себеби коом аялдардан жана эркектерден тургандан кийин, ошол жерде аялдардын дагы эркектердин дагы үнү угулуп турушу керек. Анткени аялдар өз сезимталдыгы менен, аялдык сапаты менен көтөрүп чыга турган көйгөйлүү маселе абдан көп калк арасында. Ошондой эле эркектердин дагы көйгөй көтөрө турган өзүнүн сфералары бар. Ошондуктан чечим чыгарууда эки тарап тең болуусу өтө маанилүү”.
Гендер деген бул аялдардын дагы, эркектердин дагы социалдык ролу. Гендердик саясатты ишке ашыруу үчүн, Кыргызстан көптөгөн эл аралык инвестицияларды алып келет. Аялдар менен эркектердин тен укутуктуулукта жашап, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусу үчүн жергиликтүү кеңештерде да теңчилик болуусу маанилүү.
Айтурган Кушкарбекова