21-февраль күнү Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде кезектеги «Ата-энелер мектеби» болуп өттү. Бул иш-чара Гапыр Мадаминов тарабынан 1997-жылдан бери өткөрүлүп келет. Эми бул иш-чара аталган мектепте да болуп келе жатат.
«Ата энелер мектеби» сабагынын курамында ата-энелер, администрация тобу жана ошондой эле класс жетекчилер болду. Сабактын темасы «Өспүрүмдөрдүн баарлашуу маданияты жана үй-бүлөлүк баалууктары» деп аталып, теманын негизинде слайддар, оюндар, бала тарбиясына тиешелүү темалар катышуучулар арасында талкууланды.
Иш-чарага жергиликтүү ата-энелер кайдыгер карабастан толугу менен активдүү катышып беришти. Мындай чогулуштан ата-энелер өздөрүнө балдарды тарбиялоодо жаңы ыкмаларды үйрөнүштү. Мындай иш-чара Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде бир жылдан бери уюштурулуп келет.

Ата-энелер, эже-агайлар


Оюн учурунда

Долбоор боюнча ата-энелердин бири Майрамбек Исмаилов өз оюн билдирип, жылуу сөздөрүн айтты:
«Бул долбоор чындыгында эң мыкты долбоорлордун бири экен. Анан, албетте, бүгүнкү тема дагы өзгөчө болду. Негизи биз тарбиялоону билсек да, бул сабактан башкача методдорду билдик. Бул күн мен үчүн абдан жакшы өттү. Буга чейин тарбия боюнча аракет кылып келсем, мындан кийин да аракетимди токтотпойм.
Чындыгында, бала тарбиясына абдан көп көңүл буруу керек экен. Эже-агайларга чоң ырахмат, ушул долбоорду алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендерине. Класс жетекчилерге да терең ыраазычылык, эч эринбей бизге жагымдуу атмосфера түзүп берип, ата-энелердин маанайын көтөргөнүнө. Ата-энелер биз дагы ушул сыяктуу иш-чараларга да активдүү катышып, мектеп, мугалим менен тыгыз байланышта болуубуз кажет.»
Иш-чаранын соңунда ата-энелер балдары тарабынан жасалган чакан белектерди алышты.