Чүй облусунун губернатору жана район администрация башчысы, мекеме жетекчилери Суусамыр айылында 26-февралда эл менен жолугушуу өткөрүштү.

Чуй облусунун губернатору жана Суусамыр айыл аймагынын башчысы
Бүгүн Суусамыр айылында маданият үйүндө Чүй областынын губернатору жана район жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйын айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматы менен башталды. Бир жыл ичинде аткарылган иштердин маалыматын берди. Район башчысы Суусамыр элин алдыдагы майрамдар менен куттуктап өттү.
2020-жыл оор жыл болгону да баса белгиленип кетти. Суусамыр айылындагы көйгөйлүү маселелерди айыл тургундары көтөрүп чыгышты. Айыл тургундары жыйынга активдүү катышышты.

Жыйындын катышуучулары
Жыйында паспорт боюнча суроолор, мамкаттоо жетекчиси Рамис Рамазанович жер боюнча маселелерди чечүүгө аракет кылды. Кыймылсыз мүлккө документ берүү боюнча да айыл тургундары тарабынан суроолор берилди. Алтын казуу иштери боюнча да суроолор берилди. Жерлерди арендага берүү жөнүндө суроолор берилип жооптор алынды. Жол оңдоо маселелери дагы көтөрүлдү. Жер участокторун трансформация маселелери да айтылды. Париж участогунун трансформация болушу үчүн дагы суроо берилди. ДЭУнун өкүлүнө жол маселеси боюнча суроолор берилип жооптор алынды. Техника жетишсиздигинен улам убагында кардан тазаланбай жаткандыгын айтты. Жол маселеси боюнча губернатор өзү көзөмөлүнө аларын билдирди.
Суусамыр айылында банктардын бөлүмчөлөрү жок болуп, банкоматтан акча алуу маселеси оор болуп жаткандыгы айтылды.Губернатор бул маселенин жакын арада чечилишин банк иштеринин жетекчилерине тапшырды.

Азиза Тамчиева