Ыйык Рамазан айынын соңуна жакындап, мусулмандар үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон Кадыр түндү тосуу күндөрү да келип жетти. Бул түнгө карата коомчулукта ар кандай даярдыктар жүрүп жаткан учурда, айрым учурларда анын маанисине туура келбеген көрүнүштөр да байкалууда. Ушул себептен Кадыр түндү туура тосуунун эрежелери тууралуу Суусамыр айылындагы мечиттин имамы Торокулов Талантбек Турарович түшүндүрмө берди.

Торокулов Талантбек Турарович
Анын айтымында, Кадыр түндү мүмкүн болушунча тынч, жалгыз отуруп тосуу туура:
«Кадыр түндө адам Аллага дуба кылып, зикир айтып, ибадат менен алектениши керек. Эгер жанында адамдар болсо, ар кандай сөздөр болуп, байкабай ушак же жалган сөздөр айтылып калышы мүмкүн. Бул болсо түндүн негизги максатынан алаксытат», — деди имам.
Ошондой эле ал Кадыр түндү үй-бүлө менен да тосууга болорун белгиледи. Бул учурда эркектер жана аялдар өз-өзүнчө бөлүнүп, дуба жана зикир менен алектенүүсү ылайыктуу.
Имам акыркы учурда айрым жаштар бул түндү туура эмес өткөрүп жатканын да белгиледи:
«Кээ бир учурларда жаштар аралашып алып, музыка коюп, көңүл ачуу иретинде тосуп жатышат. Бул туура эмес. Кадыр түн — ибадат кылуучу ыйык түн. Мындай аракеттердин сообу болбойт», — деп эскертти ал.
Ошондой эле имам Кадыр түндү тосуу милдеттүү эмес, сүннөт амал экенин кошумчалады:
«Кадыр түндү тосуу — ар бир адамдын өз каалоосуна жараша болот. Бирок бул түндө ибадат кылган адам чоң соопко ээ болот. Пайгамбарыбыз айткандай, Рамазан айында миң айдан да артык болгон бир түн бар — бул Кадыр түн. Ким аны туура тосуп, Алланын ырайымына ээ болсо, анын күнөөлөрү кечирилет, — деди ал.
Имамдын айтымында, Кадыр түн — руханий жактан тазаланып, дуба-тилектер кабыл боло турган өзгөчө мүмкүнчүлүк.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна