Суусамыр айыл аймагындагы мектептер, оорукана, фаптар учурда көмүр менен камсыз боло элек. Ал эми Суусамыр айылдык электр участкасы кышка толугу менен даяр.
Суусамыр айыл өкмөт башчысы Максат Сейиткулов айылга кар оор жааса техникалар даяр экендигин билдирди.
“Суусамыр айыл аймагы азырынча көмүр менен камсыз боло элек. Себеби, Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын жаңы жетекчиси Мирлан Жакыпов калкка көмүрдү октябрдын башынан баштап берүүнү айткан. Бул чечим тоо-кен тармагында иштеген адистер менен сүйлөшүүнүн натыйжасында кабыл алынган. Учурда Суусамыр өрөөнүнө көмүр боюнча тендер өтүп, договорлор түзүлгөн. Көмүр алынып келинсе мектептер, оорукана, ФАПтар жылуулук менен камсыз болот.
Кар калың түшсө тазалоочу техникалар даяр. Учурда Суусамыр өрөөнүндө бир экскаватор, грейдер, погрузчик бар”.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну, активист Нурзат Райымбекованын айтымында 5 жылдан бери «Ас-Сафа» сыяктуу кайрымдуулук фонд тарабынан кийим-кече, көмүр сыяктуу айыл тургундарына жардамдар көрсөтүлүп келерин айтты:
«Жыл сайын айылдын тургундарына ар кандай кайрымдуулук фонддор тарабынан жардамдар көрсөтүлүп келет. Былтыр ноябрь айында элге жууркан-төшөктөр, көмүр, кийим кече таратылган. Пандемия учурунда бул жардамдар айыл тургундары үчүн чоң сүйүнүч болду. Быйыл дагы аз камсыз үй-бүлөлөргө жардамдар көрсөтүлөт деген үмүттөмүн».
Мындан тышкары, Суусамыр айылдык электр тармактар учаскасынын жетекчиси Чыңгыз Ашырбек уулунун айтымында айыл участкасы кышка толугу менен даяр:
«Биз кышка даярдык боюнча иш пландарыбызды толук аткардык. Трансформатор, линиялар толук кароодон өткөн. Кышка чейин дагы кезек-кезеги менен линияларды карашыбыз күтүлөт. Бирок кыш мезгилинде күтүлбөгөн авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Элге кайрылуум мамлекеттин чоң көйгөйү болуп жаткан, жарыкты үнөмдүү пайдалансак дейм».
Айдана Токтобекова