Суусамыр айыл аймагында жайгашкан айылдык милиция бөлүмчөсүндө учурда 7 кызматкер иштейт. Кызыл-Ой, Кожомкул, Суусамыр, 1-Май, Кайсар, Тунук айылдарын жана Бишкек-Ош жолдорунун 137-160 чакырымына чейин Түштүк жак бетин көзөмөлдөйт.
Бул тууралуу Суусамыр айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Талгарт Жээнтай уулу маалымат берди:
Пандемия учурунда милиция кызматкерлер салтуу түрдө иш алып барышты…
Учурда биздин бөлүмдө 7 милиция кызматкер иштейт. Пандемия учурунда биз салттуу түрдө иштеп жаттык. Оору күчөп турганда айылга көзөмөлдөөчү посттор коюлган. Милиция кызматкерлер 2 ай бою коюлган постту көзөмөлдөп турушту.
Аткарылган иштер…
Мурдагыдай эле милиция кызматкерлерге тиешелүү иштерди аткарып жаттык. Бөлүмдө мөөнөтчүлөр сөзсүз болот. Жайкы убакытта 9 райондон малчылар келет, аларда кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса биздин милиция кызматкерлер дароо барышат.
Пандемия учурунда окуучуларда тентекчилик катталган жок…
Пандемияга чейин милиция кызматкерлери мектептеги балдар менен дагы иштешчү. Мектепке барып жыйналыш жасап, тарбиялык, рекетчиликти жою тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турчубуз. Пандемия учурунда мектеп окуучулар онлайн окуп, санитардык эрежелерди сактап үйдө отургандыктан, окуучулар тарабынан тентекчилик катталган жок.
Милиция кызматкерлер айыл өкмөтү, оорукана менен тыгыз иштешти…
Жылына бир ай, айыл өкмөт кызматкердлери, дарыгерлер, мугалимдер менен биргеликте айылдарды кыдыруу жүрөт. Кечки саат 22:00дөн кийин мектеп окуучулары себепсиз, жалгыз көчөгө чыкпашы керек. Мындан тышкары ковид-19 вирусуна чалдыккан бейтаптарга, оорудан толук айыкканча үйдөн чыкпоо керектигин дагы түшүндүрүп, иш алып барып жаттык.
Айдана Токтобекова