COVID-19 илдети күчөгөндөн тарта өлкөдө спорт дүйнөсүнө терс таасирин тийгизбей койгон жок. Суусамыр айыл аймагында эпидемиологиялык абал тынчып калгандан баштап, футбол оюну уюштурула баштады.
Суусамыр орто мектебинин дене тарбия сабагынын мугалими Турат Жумабек уулу окуучуларды 2017- жылдан тартып машыктырып келет. Турат пандемиядан кийин жаштардын футболго болгон кызыгуусу өрчүгөнүн айтат:
«2017-жылдан тартып Суусамыр орто мектебинин окуучуларын баскетбол, волейбол жана футбол менен машыктырып келем. Пандемия учурунда балдар эшикке чыкпай, машыкпай кыйналышты. Суусамыр айылында эпидемиологиялык абал турукташкандан соң балдарды кайрадан машыктырып баштадык. Карантинден кийин балдардын футболго болгон кызыгуусу арта баштады десек болот.
Учурда Суусамыр өрөөнү боюнча мектептер арасында турнирлер өткөрүлүп жатат. Турнирлерде 7,8-класстар, 10,11- класстар өз-өзүнчө ойношту. Бул турнирден уткан команда районго оюнга жолдомо ала алышат. Уткан командага дипломдор берилет. Команданын ичинен жакшы дарбазачы, оюунчу деп дагы белектер тапшырылат.
Пандемиядан кийин футбол менен машыгуу балдардын ден-соолугуна дагы жакшы. Адам кыймылдып турса көп оорудан сырткары болот. Күн сууктап кыш мезгили жакындап баштаса футбол оюну токтотулуп балдарды, кыздарды волейбол, баскетбол оюндарына машыктыра баштайбыз».
Жеңиш Тураров 11 жашынан тарта футболго болгон кызыгуусу арткан. Учурда К.Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин 11-классында билим алат. Келечекте мыкты футболист болом деген кыялдары бар:
“Футболго 11 жашымдан тарта кызыгуум арта баштаган. Бул оюнда мен үчүн машыктыруучунун дагы орду маанилүү. Футбол боюнча турнирлерге катышууда командама жардам берүү жана жеңишке жетүү максатында ойнойм. Футбол көбүнчө адамдан өжөрлүк менен мээнеткечтикти талап кылат. Келечекте мыкты футболист болуу кыялымда бар”.
“Кичине кезимден бери эле футболго кызыгам. Айылдардын ичинде өткөрүлгөн турнирлерге үзгүлтүксүз катышып байгелүү орундарды алып турабыз. Жайкы эс алууда Токтогулга барып айылдар арасында уюштурулуп жаткан турнирге катышып калдым. Турнирде өзүмөн 2 жаш улуулар менен ойноп, 1-орунду ээледик. Мындан тышкары эң мыкты чабуулчу наамына ээ болдум”.
Балдардын спорт жаатында кызуулары артып жаткандыгы, ата-энелерди кубандырбай койбойт. Суусамыр айыл аймагынын тургуну Гульжамал Сыдыкова жаштардын спортко кызыгып жаткандыгы сүйүндүрөрүн айтат:
«Учурда балам 8-класста окуйт. Мектептен келип, сабактарын окуп футбол аянтчасына кетет. Айылдар ичинде өткөрүлгөн турнирлер, балдардын спортко болгон кызыгуусун арттырат. Спорт менен машыгуу балдардын ден-соолугуна бир топ пайда. Баланы шамдагай болуусуна өбөлгө түзүп берет. Азыркы учурда жаш балдардын убактылары телефонго кетпей пайдалуу нерселерди кылса дейм. Ошондой эле китеп окуп, спорт менен машыкса баланын ойлонуу сезими дагы өзгөрүлөт”.
Айдана Токтобекова