Суусамыр айыл ѳкмѳтүндѳ ар жылы күз айларында белгиленчү түшүм майрамы быйыл да ѳткѳрүлдү.
Адатта бул маараке жылдын октябрь айларында ѳткѳрүлүп келсе, быйыл Суусамыр айылдык кенешинин депутаттарынын токтомуна ылайык 7-ноябрь «Түшүм» майрамын белгилѳѳ күнү деп бекитилген. Мааракенин максаты дыйкандардын, чарбагер адамдардын кылган эмгегин жыйынтыктоо, 2018- жылы Суусамыр айыл аймагынын социалдык экономикалык ѳнүгүүсүнѳ зор салым кошкон адамдардын эмгегин белгилеп, ардак грамоталар менен сыйлоо. Андан тышкары кыргыздын ат оюндарын унутта калтырбай сактоо. Түшүм майрам тууралуу кененирээк Суусамыр айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Урмат Отунчиев мындай деди:
«Жылда айылдык бюджеттен 50 миӊ сом акча каржаты каралып келсе, 2018-жылы Суусамыр айыл ѳкмѳтү Республика боюнча «Эӊ мыкты айыл ѳкмѳтү» деп белгиленгендигине байланыштуу быйылкы жылы түшүм майрамына 100 миӊ сом байге фонду бѳлүнгѳн. Бул жылы оюндардын кѳптѳгѳн түрлѳрү кошулду. Алар ат чабыш, кунан чабыш, улак тартыш, эр эӊиш, тыйын эӊүү, күрѳш, жѳѳ жарыш жана таш кѳтѳрүү. Андан тышкары тѳмѳнкү салмактан жогорку салмакка чейинки балбандар арасында беттеш ѳтүп, ар кандай байгелерге ээ болушту. Жылдан- жылга кемчиликтерибиз дагы сезилип жатат. Алдыда бул кемчиликтерди эске алып, майрамды мыкты денгээлде ѳткѳзгѳнгѳ аракет кылабыз.»
Мурда «Саман той» мааракеси унутта калып, калктын катышуусу аз болуп жаткан болсо, быйыл элдин саны мурдагыга караганда кѳп болгон. Айыл тургуну Талант Асаналиев маараке туурасында ѳз ойлорун айтып ѳттү:
«Бүгүнкү иш-чара эӊ мыкты деңгээлде болду. Бул жѳн гана маараке эмес Суусамыр ѳрѳѳнүндѳгү 5 айылдын арасындагы чоӊ той десек болот. Баардыгы калыс, чыр-чатак, кырсыгы жок ѳзүнүн денгээлинде ѳттү. Эл дагы абдан жакшы маанайда. Команда, катышуучу жана күйѳрмандардын саны абдан кѳп. Менин оюмча эл абдан жакшы кабыл алып, кызыгып кѳргѳн оюн бул аркан тартыш оюну болду. Кийинки жылы байге фондун дагы кѳбѳйтүп, уюштуруу иштерин эн мыкты денгээлде ѳткѳрүш керек экен.»
Майрамдын катышуучусу Бакыт Конушбаев:
«Маараке абдан жакшы ѳтүүдѳ. Айыл ѳкмѳтүбүз ушунун баарын уюштуруп жаткандыгына ыраазычылык билдиребиз. Мен ѳзүм ат чабып 4000 миӊ сом байге алдым. Суусамырда ушундай тойлордун кѳп болушун каалайм»,-дейт.
Бул майрамда айымдардын катышуусу дээрлик аз болду. Буга, кѳпчүлүк ат оюндары себеп. Кийинки жылы айымдардын катышуусун эске алып, концерттик программа жана кыз куумай оюндары да кошумчаланат.
Даярдаган: Зыйнат Самарбекова