Бүгүн 11-апрель Суусамыр айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Референдум өтүп жатат. Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жайгашкан 7346 шайлоо участогундагы шайлоого шайлоочулар активдүү катышып жатышат.
Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын төрагасы Калыбек Таштанбаев төмөнкүдөй билдирди:
«Жалпысынан шайлоо тынч ойдогудай өтүп жатат. Бардык санитардык эрежелерди так сактоого биз дагы шайлоочулар дагы аракет кылып жатабыз. Шайлоого 31 талапкер катышып жатат. Алардын ичинен 13 талапкерге чейин добуштар берилиши керек. Шайлоочулардын агымы уламдан көбөйүп келип жатышат. Азыркы саатка шайлоочулардын 300дөй келип добуштарын беришти. Жалпысынан шайлоо участогунда 2000ден ашык шайлоочу бар. Шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. Азыркы убакта эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. Бардыгы талапка ылайык болуп жатат».
Шайлоого келген шайлоочуулар дагы өз ойлору менен бөлүшө кетишти. Суусамыр айылынын тургуну шайлоонун жүрүшү тууралуу төмөнкүдөй билдирди:
«Шайлоо жакшы тынч өтүп жатат. Элдин маанайы жакшы, күнүбүз да жакшы болуп турат. Буйруса, эл үчүн кызмат кылган депутаттар болсо деп ойлойм. Бардыгы ойдогудай болуп жатат. Баарына ийгилик каалайм. Мен өз талапкерлеримди тандап добушумду бердим».
Көчөдө шайлоочуларды сурамжылоо учурунда эч кандай үгүт иштери жүрбөгөнүн айтып жатышты. Бирок, көчөдө эки талапкердин сүрөтү менен баннер илинип турган. Бул боюнча милиция кызматкерлерине кайрылганыбызда, ал баннерлер алыныш керек болгонун жана талапкерлер эгер мыйзам чегинде иш кылбаса, талапкерлигин алуу сыяктуу жаза алып калышы мүмкүн экенин билдирди.
Андан соң бираз убакыттан кийин илинип турган үгүт плакаттары алынганы белгилүү болду.
Ал эми шайлоо участкасында талапкерлердин байкоочулары да отурушат. Алар шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болгон жок деп билдиришти.
Конституциянын жаңы редакциясын окубагандар арбын
Азиза Тамчиева