26-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча чемпионат болуп өттү. Ага Суусамыр айылынын кулуну Асема Калидинова 49 кг салмакта катышты. Асема 1-орунду багындырып, Кыргыз Республикасында өтө турган Азия Чемпионатына жолдомо алды.
Чемпионат боюнча Асема Калидинова өзү баяндап берди:
«Мен бир жылдан бери бул чемпионатка даярдык көрүп келе жаткам. 26-апрель күнү чемпионат болуп өтүп, 49 кг салмактагы кыздардан үч кыз катышып. 1-орунду ээледим. Ал эми Азия чемпионаты 12-июнь күнү Кыргыз Республикасында болуп өтөт. Даярдыктар абдан жакшы. Азыркы учурда мени тренерим Нурсултан Аскарбеков агай машыктырып, чемпионатка даярдап жатат. Анан дагы айылыбыздан чыккан спортчу Стамбул Жаныбек уулу кеп-кеңешин айтып, көмөк көрсөтүүдө.
Асема үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу. Бир жашынан бери чоң атасы менен машыгып келе жаткан Асема учурда борбор калаабыз Бишкек шаарында спорт мектебинде 9-классында окуйт. Асема Кыргызстандын 7 облусунун кыдырып жана ошондой эле чет мамлекеттерден да ийгиликтерди багындырып келет.
Бегимай Шамирдинова