Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында райондук администрация башчысынын жана Жайыл районундагы мекеме жетекчилери келип, жыйын болуп өттү.
Суусамыр айылынын эли мамлекет өкүлдөрүнө ар кандай маселе менен кайрыла алышты. Жыйында биринчилерден болуп көтөрүлгөн маселе бул үрөн маселеси болду, 2022-жылы Россия өлкөсүнөн келген сапатсыз үрөн алып, чыгашага учураган дыйкандардын маселелери каралды. Алардын айтымында дыйкандар үрөндү айыл өкмөтүнөн сатып алган, үрөндү мамлекеттик банктардан насыя алып, айдаган. Үрөндүн сапатсыздыгынан дыйкандар түшүм албай, алган насыяларын төлөй албай калышкан.
Жайыл районунун акими Торогелди Туркбаев жана Жайыл райондук мекеме жетекчилери
Кийинки меселе бул Арамза жайлоосуна өтчү көпүрө, кулап калган. Ал көпүрө менен Чүй облусунун дыйкандары жайкысын мал айдап өтчү көпүрө болгон, андан тышкары дыйкандардын айдоо жерлерине өткөн негизги көпүрө болгон.
Жыйында көтөрүлгөн маселердин саны көп, бирок эң орчундуу маселелер таза суу маселеси, жер маселеси, Жайыл райондук медицина кызматкерлеринин айыл жергесинен барган оорулууларга кайдыгерлик кылуу маселеси, жана башка маселелер көтөрүлдү.
Жыйындын соңунда айрым айрым маселелер жеринен чечилип, айрым маселелер кароого өттү.
Айтурган Кушкарбекова