2017-жылдын жыйынтыгы менен, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» наамы Суусамыр айыл өкмөтүнө ыйгарылган.
Бул туурасында кененирээк Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Отунчиев Урмат Шайлообекович айтып берди:
“Бул негизи конкурс аркылуу тандалып алынды. Жыл сайын Жайыл районунда айыл өкмөттөр арасында өтөт. Жыл сайын катышчыбыз, бирок жыйынтык жок болуп жаткан. Быйыл дагы катышып иштеген ишибиздин натыйжасында мына ушундай жакшы жетишкендикке жетип отурабыз. Бул конкурска Жайыл району боюнча 9 айыл өкмөт катышып арасынан тандалып отуруп, Суусамыр айыл өкмөтү эң мыкты деп тандалды. Биздин жеңип чыгабыз деген оюубуз жок болчу. Биз болгону 1 жыл ичинде Суусамыр элине кылган кызматыбызды гана белгилеп көрсөтүп бердик.”
Конкурска катышуу үчүн жол жобосунда 10 көрсөткүч көрсөтүлгөн. Суусамыр айыл өкмөтү бардык көрсөткүчтөрдө эң мыкты деген жыйынтык берген.
Суусамыр айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жыргалбек Бекжанов да өз ою менен бөлүштү:
“Быйылкы жылы айыл өкмөтү тарабынан жакшы иштер жасалды. Көптөгөн жетишкендиктер болду десем болот. Алардын катарында өзүңүздөр билгендей быйыл район тарабынан эн мыкты айыл өкмөт наамын алдык. Бул жерде көптөгөн адамдардын эмгеги зор. ”
Ал эми айыл тургуну, ардактуу эс алуудагы мугалим Сайна Дубанаева Суусамыр айыл өкмөтү туурасында өз оюн айтып берди:
“Азыркы учурдагы айыл өкмөт башчысы иштеп баштаганына аз гана убакыт болгонуна карабай, жакшы иштерди алып барууда, өзгөрүүлөр болуп жатат. Эл менен баарлашып, ар бир нерсеге олуттуу карап, айыл тургундарынын көйгөйүн чечип бергенге аракет кылат. Менин оюмча жакшы иштеп жатат.”
Андан тышкары айыл өкмөт башчы өз сөзүндө бул жылда жасалган иштери туурасында кошумчалады:
“Биз быйылкы жылда эки “спецтехниканы” алып иштеттик. 27-декабрда болгон бороондо жол тейлөөчү ишкана ачалбай калган жолду өзүбүз ачтык. Суусамыр өрөөнүндөгү 5 айылга, алыскы жайлоолорго да жолдор ачылды. Буга райондук аким өзү да келип күбө болуп кетти. Андан тышкары, 2017-жылда Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн орто мектебин толук капиталдык оңдоодон өткөрдүк. Ага 3 млн сом акча каражаты сарпталып, анын ичинен Суусамыр айыл өмөтүнүн салымы 800 миң сом, ал эми 2,5 млн сом республикалык бюджеттен коротулду. Бүгүнкү күндө мектептин чатыры, эшик-терезеси бардыгы жаңыртылып, балдардын жылуу жерде билим алуусуна шарт түздүк. Мына жакында гана “Арис” долбоору менен биргеликте жайыттарды жакшыртуу максатында бир авто грейдер сатып алдык. Анын баасы 7млн 850миң сом. Анын 2млн сому айыл өкмөтүнүн эсебинен алынды. Буюрса, ал техникабыз февраль айынын ортосунан тарта кызмат кыла баштайт. ”
Суусамыр айыл өкмөтүнүн элге кылган кызматы район тарабынан белгиленип диплом, кубок менен сыйланган.
Эскерте кетсек азыркы учурда Суусамыр айыл өкмөтүнүн иши облустук деңгээлде каралып жаткан учуру. Ал эми Республикалык денгээлдеги бул кароо-сынакта жеңүүчүгө 1,5 млн сом акча каражаты каралган.
Даярдаган: Самар кызы Зыйнат