Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев орто мектебинин 11-класстын окуучуларына Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти Алтынбек Таалайбек уулу университеттин шарттарын тааныштырып кетти.
Бул тууралуу Алтынбек Таалайбек уулу буларга токтолду:
“Мен Кыргыз-Түрк Манас университетиндеги журналистика факультетинин 2-курсумун. Биздин бүтүрүүчүлөргө тааныштыруубуздун себеби, университетке тапшыруунун шарттары бир аз өзгөргөн. Мисалга алсак, мурун ЖРТ тестин карабай эле экзаменге киргизсе, азыр болсо ЖРТ тестинен 110 баллдан жогору балл алганда гана экзаменге кире алат. Дагы мен окуучуларга факультеттерин тааныштырдым.”
Даярдаган: Аман Шаршенбеков