Суусамыр айылында бир айга геологдор келип, чалгындоо иштерин жүргүзүшүүдө. Тагыраак айтканда, нефти-газын изилдеп жатышат. Бул “Кыргыз геофизика” компаниясы тарабынан аткарылып жатат. Геологдор бир айдын аралыгында нефти-газын чыгаруу планын коюшууда.
“Геофизика” Акционердик ачык коомунун башкы геологу Култаев Эркин буларга токтолду:
“Биз азыркы учурда нефти-газ чалгындоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Георазведка боюнча келип, “Кайсар” айылынын үстү жагын казып, изилдеп аткан учурубуз. Бул жакта 60 жумушчу иштеп жатат. Бир ай убакыт ичинде бүтүп калабыз.”
Эгер Суусамырга нефти-газ чыгып калса, айыл тургундарына же айылдын экологиясына терс таасирин тийгизбейби, деген суроо келип чыгат. Бул суроого айыл тургуну Карыбеков Индусбек жооп берди:
«Бул чалгындоо иштери буга чейин эле болуп келген. Геологдордун максаты кайсыл жерде эмне бар экенин билүү. Мурда геологдор келгенде ГЭС боюнча изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Кыргызстанда алтын, көмүр запастары көп, ал эми Суусамыр тоолорунда өсүп жетиле элек көмүрлөр бар. Акыркы мезгилде нефти-газдын запасын билүү үчүн геологдор келип жатышат. Суусамырда “Токойлуу” айылына алтын иштери боюнча дагы келишкен. 14кг алтын бар экен деген тыянак чыккан. Эгер Суусамырга нефти-газы чыгып калса жумуш оруну камсыз болуп калаары чоң пайдасы бар. Андан тышкары, айыл өкмөтүнүн бюджетине жакшы налог төлөсө, социалдык проблемалар чечилсе жакшы болмок. Булар иштеп жатканда экологияга кылдаттык менен мамиле кылыш керек. Нефть, алтын иштетсе деле баары бир жаратылышка терс таасирин тийгизбей койбойт. Бул изилдөө иштери болуп келген жана боло берет. Элге пайдасы тийсе уланта бериш керек, ал эми зыяны тийсе токтотуп коюш керек”- деди.
Бул боюнча Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңешинин депутаты Токтосунов Исланбек мындай деди:
“Геологдор буга чейин келип жүрүшкөндүктөн, бул жакка келе элегине 3 жыл болгон. Буларга Кытай тарабынан тапшырма берип, нефти-газын милдеттүү түрдө изилдеп беришет. Булар уруксатты айыл өкмөттөн алышкан жана лицензиялары бар. Булар тендер ойношуп, уткан компания изилдеп аткан учуру”— дейт.
Эске сала кетчү жагдай, геологдордун чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткандарына бир айдын жүзү болуп калды. “Эл – тараза, эл – сынчы” дегендей Суусамырга нефти-газ чыгып калса, бул иштер уланаарын же уланбаарын эл таразалайт.
Даярдаган: Айтенир Индусбекова, Умсунай Ачыкова