Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Т. Айбашев атындагы орто мектебинде «таттуу колдор» аттуу кулинардык кружок болуп жатат. Кружоко 6-класстан 10-класска чейинки окуучулар катышып, камырдын жасоо ыкмаларын үйрөнүүдө.
«Мен Ош технологиялык университетинин нан жана нан азыктары боюнча окууну бүткөнмүн. Азыркы 2023-2024-окуу жылында окуучуларга кулинария боюнча 1 жумада 2 жолу кружок өтүп жатам. Кружоко 6-класстан 10-класска чейинки кызыккан окуучулардан 4 бала, 11 кыз катышат. Биз эң алгач кыргыздын улуттук пирамида нанын бышыруудан баштадык. Азыр камырды жасоо техникасынан жана бышыруунун техникаларын үйрөтүп жатам»,- деп билдирди кружокту ачып, иш алып барган мугалим Жылдыз Сайпидинова.
Жумагүл Көчкөнбаева