Кулатов айыл өкмөтүндөгү Т.Айбашев атындагы орто мектебинде «Манас Жаштар Уюмуна» кабыл алуу иш- чарасы өткөрүлдү.
Тарбиялык завуч Бурул Арыкова: «Бүгүнкү иш чара жогорку деңгээлде өттү.12-ноябрь жаштар күнүнө карата уюштурулду. Окуучулар «Манас Жаштар Уюмуна» мүчө болушту. Ар бир класстан мыкты окуган окуучуларга галстук, значоктор тагылды. Иш- чараны өткөрүүнүн негизги максаты: Окуучуларды патриоттулукка, ата мекенди сүйүүгө тарбиялоо».
Чынара Көчкөнбаева