Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында 25-декабрь өткөрүлүүчү Элдик Курултайга ачык добуш менен 10 кандидаттын арасынан 3 делегат шайланды. Алар: Эргешова Назгүл, Алишеров Арстан жана Ботобаев Исламбек.

Жыйын учурунда

Курултайдын делегаттары
Т. Кулатов айыл аймагынын тургуну Назгүл Эргешова: «Бизди Кулатов айылынын тургундары ачык добуш менен делегаттын мүчөсү кылып шайлап алды. Буюрса алдындагы төртүнчү Элдик Курултайга Кулатов айылындагы бир канча оорчундуу көйгөйлөрдү алып барып, тийиштүү жетекчилерге кайрылабыз. Бүгүнкү жыйында да бир канча көйгөйлөрдү карап чыктык. Алдындагы элдин көйгөйлөрүн дагы да тактап, кат жүзүндө да министрлерге кайрылып, элдин ишеничин актайбыз деген үмүттөмүн. » — деп билдирди.

Жыйын учурунда
Даярдаган:Жумагүл Көчкөнбаева