Т. Кулатов айыл өкмөтүндө 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке 6-16 жашка чейинки балдар күч сынашты. Айыл өкмөт тарабынан 100миң сом акча каражаты бөлүндү. Жалпы 300дөн ашуун балдар катышты. 7 областтан жана конушу мамлекет Өзбекстандан да балдар келип мелдешке катышып кетти.
Күрөшүп жаткан учур
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнов
« 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата спорттук мелдеш уюштурдук. Мелдешке 7 областтан балдар келип катышты. Коңушу мамлекет Өзбекстандан да келишти. Айыл өкмөт тарабынан 100миң сом акча бөлүндү.Мелдешти уюштурганыбыздын негизги максаты балдарды ынтымакка, достукка, биримдикке чакыруу. Балдардын бири-бири менен жекече мушташпоосун алдын алуу максатында уюштурулду. Өздөрүнүн күчүн спорт тармагында көрсөтүү максатында уюштурдук.»
Уюштуруучу, Т.Кулатов айыл өкмөтүн спорт комитети, тренер Орозбек Абдуллахап уулу
«Бүгүнкү иш чарага 16 жашка чейинки балдар катышты. Айыл өкмөт тарабынан 100миң сом акча каражаты бөлүндү. Жалпы 300дөн ашуун балдар эркин күрөш багытында күч сынашты. 7 областтан жана коңушу мамлекет Өзбекстандан да балдар келип катышты. Жалпы 60 орун болду. Жеңген 60 балдарга баалуу үй буюмдары менен сыйланышты».
Чүй облусунан келген, спорт кызыгуусучусу Руслан Жолдошбаев
«Мен бүгүнкү мелдешке Чүй облусунан келдим. Спорттун эркин күрөш багытында 5 жылдан бери машыгып келем. Бош убактымда машыгуу менен алектенем.Бүгүнкү иш- чарага келгенимдин максаты, байгелүү орундарды ээлеп, күчүмдү сынап кетүү».
3-орундун ээси Байсал Темирбаев
Чынара Көчкөнбаева