Улуу Ата Мекендик жеңиштин 78 жылдыгына карата Т. Кулатов айыл өкмөтүндө иш чара болуп өттү. Иш чарага жалпысынан согуштун катышуучулары болуп 10 дон ашык ардагерлер катышты. Аларга айыл өкмөт тарабынан колдоо колдоо көрсөтүлүп 77 миң сом акча каражаты бөлүнүп, баштыкчалар таркатылды.

Эстеликке Гүлчамбар коюлуп жаткан учур


Эстеликке Гүлчамбар коюлуп жаткан учур

Т. Кулатов айыл өкмөт башчысы Аманилла Абдылдаев
Т. Кулатов айыл өкмөт башчысы Аманилла Абдылдаев:
«Бүгүнкү иш-чарага жалпысынан 77миң акча каражаты бөлүнүп анын 50миң сому спорт оюндарына бөлүндү. Бүгүнкү иш- чарага 10 ардагер катышты, негизгинен Т. Кулатов айылында жалпысынан 21 катышуучусу бар алар кандайдыр бир себептер менен келе алышкан жок. Биз ардагерлерди ыраазы кылуу максатында атайын баштыкчаларды даярдадык, алардын ичине таттуулардан салдык. Бүгүнкү иш чара жогорку деңгээлде болуп өттү»,- деп билдирди Аманилла Абдылдаев.


Эстеликке Гүлчамбар коюлуп жаткан учур

Охрухтун катышуучусу Тургунбай Камаров
Охрухтун катышуучусу Тургунбай Камаров-Баглан айылынын ардагери:
«Бүгүнкү иш чара жогорку деңгээлде болуп өттү. Башыбыздан өткөргөн кыйын күндөрдү окуучулар аткарган ырларын угуп көз алдыбызга элестетип. Учурдан пайдаланып Т. Кулатов айыл өкмөт башчысы Аманилла Абдылдаевке ыраазычылыгымды билдирем. Жаштарга айтаарым, элин жерин коргогон чыгаан уулдардан болушун каалап кетем. Ар бир жигит аскерге барып ыйык милдетин өтөп келүүсүн каалаймын»,- деп билдирди Тургунбай Камаров.

Улуу жеңиш майрамынын 78 жылдыгы

Ардагерлерди куттуктап жаткан учур
Жумагул Көчкөнбаева
Чынара Көчкөнбаева