Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында 20-декабрь өткөрүлүүчү Элдик Курултайга ачык добуш менен 4 кандидаттын арасынан 3 делегат шайланды. Алар Рахманкулов Заман, Матраимова Асылкан жана Шарипов Талантбек.
Жыйын учурунда
Элдик Курултайга шайланган делегаттар
Ынтымак айылынын тургуну Асылкан Матраимова:
Асылкан Матраимова
«Бизди Кулатов айылынын тургундары ачык добуш менен делегаттын мүчөсү кылып шайлап алды. Курултайга алып бара турчу бир канча көйгөйлөрдү да карап чыктык. Буйруса элдин ишеничин актап айылдагы көйгөйлөрдү жеткирүүгө аракет кылабыз.»
Жыйын учурунда
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева