Төлөк айылында Нооруз майрамы мазмундуу иш-чаралар менен коштолуп, окуучулар арасында спорттук мелдештер уюштурулду. Ошондой эле айыл тургундары көчөлөр боюнча биригип, салт-санааны даңазалаган “Унутулгус мурас” сынагында улуттук даамдар менен кийимдерди тартуулашты.

Төлөк айылында жаздын жарчысы болгон Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Майрамдын алкагында 5-класстар арасында спорттук таймаш уюштурулуп, окуучулар күч сынашып, шамдагайлык менен биримдиктин үлгүсүн көрсөтүштү.

Ошондой эле айыл ичиндеги көчөлөр арасында “Унутулгус мурас” аталышындагы сынак өткөрүлүп, улуттук тамак-аштар жана улуттук кийимдер кеңири даңазаланды. Катышуучулар кыргыз элинин бай маданий мурастарын чагылдырган дасторкондорду жайып, улуттук кийимдерди көркүнө чыгара кийишти.

Бул иш-чаранын негизги максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо, муундан-муунга өткөрүү жана жаш муундун мекенчилдик сезимин арттыруу болду. Майрам элдин биримдигин бекемдеп, катышуучуларга унутулгус маанай тартуулады.

Даярдаган: Мирайым Конокбаева