«Барскоон FM» мультимедиа борборунда «Демократия сааты» долбоорунун алкагында, Барскоон айылынын Таарылга –Булак бирикмесинин ишмердүүлүгү жөнүндө түз эфир өткөрүлдү.
Түз эфирге Таарылга-Булак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Иманалиев Ысмайыл Ибраевич жана ушул эле ишкананын башкы эсепчиси Шобоев Эрмек Акимович келип кененирээк маалымат беришти.
Маектин жүрүшүндө тургундардан чогултулган сурамжылоолорго, суроолорго толугу менен жооп беришти. Мындан тышкары айылдык көйгөйү болгон кир сууну кантип тазартуу, баардык конуштарга сууну кантип жеткирсе болот, суу болгон тарифтерди көтөрүлөбү жана ошондой эле сууну калкка жеткирүүдө кантип сапатын көтөрсө боло тургандыгы ошол эле секторлорго инвестиция тартуу маселеси жөнүндө дагы сөздөр козголду.
Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалган жана Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондунун тарабынан каржыланууда
Даярдаган: Эрлан Абласов