«Суусамыр FM» жамааттык радиосунун түз эфиринде электр тармагы тууралуу түз эфирде маек болуп, эфирдин коногу катары Суусамыр участкалык электр тармагынын жетекчиси ашыр уулу Чынгызбек чакырылган.
Программанын жүрүшүндө электр тармагын тейлөөчү адистердин ишмердүүлүгү, алардын миледеттери жана укуктары, электр чубалгыларынын абалы жана Суусамыр айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу айтылды. Угармандар тарабынан ойлору айтылып, сын пикирлер да билдирилди. Алыскы айылдардагы электр жарыгынын абалы жана транформаторлордун абалы тууралуу маалымат берилип, көйгөйлөрдү чечүү жолдору да айтылды. Жетекчи тарабынан негизги иш жакшы жүрүп жаткандыгы айтылып, электр жарыгы үзгүлтүккө себепсиз учурап же авариялык абалдар аз кездешери да баса белгиленди.
Айыл жергесиндеги адамдарды маалымат менен камсыз кылуу максатында, укук, демократия темасын камтыган «Демократия сааты» уктуруусу Кыргызстандагы Фридриx Эберт Фонду тарабынан каржыланууда.
Даярдаган: Анарбек Калдыков