Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылынын тургуну Улук Мамбеталиев “Как алма” деп аталган ишкерлигин баштады. Ал учурда балдар сүйүп жеген ар кандай кошулмалар менен жасалган катырактарды, кошулмасыз табигый жана даамдуу алма катырагына (чипсы) алмаштырууну каалайт.
Улук Мамбеталиев үй-бүлөсү менен табигый азыктарды колдонууга аракет кылышат. Азыр пайда болуп жаткан түрдүү оорулар таза эмес тамак аш колдонуудан келип чыгат деп эсептейт. Мындан улам өзгөчө өсүп келе жаткан балдардын ден-соолугуна кам көрүү максатында бул ишкерликти колго алган:
“ Бүгүнкү күндө түрдүү кошулмалар жана химикаттар менен даярдалган тамак -аштардын таасиринен, канчалаган жарандарыбыз, боор, өт, бөйрөк оорулары менен жабыркап келет. Мунун баары таза эмес тамак аштарды колдонуунун натыйжасында уулануунун кесепети деп ойлойм. Менин дагы кичинекей уулум бар, анын келечеги , ден-соолугу ата катары мени ойлондурбай койбойт. Заманыбызга жараша, башка балдар сыяктуу эле менин кичинекейим дагы, чипсы, кириешки сыяктуу кытырактарды жегиси келет. Идеянын өзөгү, балдарыбыз табигый таза азыктарды колдонсун деген ойдон улам келип чыккан.”
Алма катырактары даярдоо үчүн алмалар Жумгал жана Ысык-Көлдөн алынып келинет. Аларды иргеп алып таза жууган соң кургатышат. Андан соң аларды бирдей өлчөмдө кесип, печкага кургатышат. Мындай жол менен даярдалган алма кактары элдин көңүл бурду:
“Жаңы гана баштаганыбызга карабай кардарлардын суроо талаптары жогору. Көп буйрутма бергендер болуп жатат. Москвадан бери чалып жатышат. Буйруса муну дагы чонойтолу деп пландын үстүндө иштеп атабыз.”
Койдун жүнүн кайра иштетип ишкерлик кылган айымдар
Ишкер айымдар үй бүлөлүк бюджетти кандай пландайт?
Айгерим Кубатбекова