Сүрѳт Интернет булагындан алынган
2019-жылы Талас райондук Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун мерчеминдеги иш чараралар аткарылып, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, алдын алуу боюнча жергиликтүү башкаруу органдары бир топ тажрыйба алышты. Бирок башкаруу органдарынын иштеринде өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш аракеттерди уюштурууда кемчиликтер бар. Күйүүчү майлоочу майларды, материалдык техникалык жана акчалай каражаттардын корлору тийиштүү деңгээлде түзүлгөнү менен өз убагында колдонулбай, жарандык коргонуу боюнча окутуу жана машыгуулар толук өткөрүлгөн эмес. Ошондой эле айыл аймактарда каралган «кол тийгизип акча каражаттарынын колдонулушу боюнча маалыматтар өз учурунда берилбей келет.
Сүрѳт Интернет булагындан алынган
ТАЛАС районунда 2020-жылдын 1-мартына чейин өзгөчө кырдаалдардын чыгымын төмөндөтүү багытында атайын алдын алуу иш чаралары бекитилип, күйүүчү майлоочу майлардын, кап, кум, шагыл корлору даярдалат. Райондун аймагында табигый кырсыктардын алдын алуу, анын кесепетинен жоюу иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, кооптуу аймактарга мониторинг жана байкоолор жүргүзүлүүдө. Өткөн жылы Жарандык коргонуу иш чараларын жана өзгөчө кырдаалды алдын алуу иш чараларын жакшы уюштургандыгы үчүн Талас райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Дамир Аблабеков жана ДЭП 36 уюмунун райондук бөлүмүнө Талас районунун акими Алкыш жарыялады.
Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева