Ноокат райондук билим берүү тарабынан бир нече мектептерде жайкы эс алуу лагерлер уюштурулду. Тилебалды Айбашев атындагы орто мектебинде да жайкы лагерь болуп өттү.
Токтояндагы окуучулардын кээ бири бош убаккытты китеп окууга бөлүп жатса, кээ бири ар түрдүү оюндарды ойноп, эс алуу кызыктуу болуп жаткандыгын айтышууда.
Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Дөбө орто мектебинде 21-май күнү “Энелерди сыйлайлы” деген темада 1-класстар тарабынан сынак-конкурс болуп өттү. Cалтанатта окуучулар энелерине ар кандай концерттик программаларын тартуулашты.
Могол айыл аймагына караштуу Ооган-Талаа айылындагы Далбаев орто мектебинде 1-классынын алиппе майрамы болду. Майрам окуучулардын ата-энелеринин катышуусу менен өттү.
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев мектебинде “Бирге окуйбуз” долбоору октябрь айынан бери иштеп келүүдө. Бул долбоордун алкагында окуучулар ата-энелер менен биргеликте китеп окуп, суроолорго жооп беришет.
№17- Сатыбалды Далбаев мектебинин башталгыч класстары 8-март энелердин майрамына карата концерт өткөзүштү. Концертке окучулардын ата-энелери да келип катышып кетишти.
Таш-Көмүр шаарындагы «Чинтамани» коомдук бирикмесинин алдында түзүлгөн жамааттык мультимедиа борбору Кыргыз Республикасында өтүп жаткан балдарга карата зордук зомбулукка каршы медиа-кампаниясын колдойт. Тематикалык аудио түрмөктөр Бишкек шаарындагы балдарды коргоо борбору тарабынан …