2020-жылдын июнь айында катуу кирип келген пандемияга каршы мигранттар дагы чогулуп оорунун алдын- алууга иш алып барышты. Тасма айылында туулуп-өсүп, азыркы учурда Россияда эмгектенип жүргөн мекендештер айылына жардамын сунушту.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жаңы окуу жылына карата окуу китептери таратылды. Кырдаалга байланыштуу окуучулардын коопсуздугун жана санитардык гигиеналык талаптарды сактоо үчүн атайын график түзүлгөн.
Коронавирус инфекциясы тарагандан баштап эле дарыгерлер гигиенаны сактоо, санитардык талаптарды так аткаруу керектигин айтышып, ар кандай коргонуу эрежелерин көрсөтүп келишүүдө. Ал эми Ноокат районунун борборунда жарандар канчалык деңгээлде коюлган талаптарды …
2020-жылдын март айында башталган пандемия борбордон 1000 чакырым алыстыктагы Сүлүктү шаарынын экономикалык өсүүсүнө, калктын жашоо шартына да терс таасирин тийгизбей койгон жок. Бирок кыйынчылык учурунда калктын аялуу катмарына, медицина тармагына …
Дүйнѳнү каптаган коронавирус инфекциясына байланыштуу 2019-2020- окуу жылынын аягында 4-чейрек аралыктан окутуу менен аяктап, мектеп окуучулары жайкы эс алууга тараган. Эс алууну кантип ѳткѳрүп жаткандыктары тууралуу мектеп окуучуларынан сурап кѳрдүк.
«Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин атынан жалпы бүгүнкү күндүн каармандары болгон дарыгерлерге эстелик сүрөт тартылып, Тогуз -Торо районунун дарыгерлерине гүлдесте тартуулашты.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында сырттан келип эмгектенген дарыгерлер үчүн атайын турак-жайдын курулушу башталуу алдында турат. КРнын Саламаттыкты сактоонун “Ардактуу кызматкери”, дарыгер Мамаш Кучкачовго таандык, менчиктештирилген оорукананын эски имараты учурда бузулуп, …
Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты учурда жараксыз болуп, имараттын дубалдары чекесинен урап түшө баштаган. Бирок ошондой кыйроо абалына карабастан бул борбордо айыл тургундары дарыгерге …
Карасаев айыл өкмөтүндө күндүзгү бөлүм ачылып Тасма, Тогузбай жана Токтоян айылдарынын тургундары келип дарыланууда. Бул бөлүмдү ачканга айыл жаштары жана айыл активисттеринин салымы чоң. Россияда иштеп жүргөн жарандар, демөөрчүлөр дагы …
Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз районунда абал оор. Жети-Өгүз райондук ооруканада азыркы күндө 150гө жакын адам дарыланып жатат. Ооруканада орун жок болгондугуна байланыштуу Жети-Өгүз туберкулездук санаторияга дагы жатып дарылануучу бөлүм ачылып, ал …
«Бул вирус өмүрүбүздө биринчи жолу болгондуктан бардыгыбызга коркунучтуу абал болду. Бирок мен үй- бүлөм менен бул абалга багынып калган жокмун. Тескерисинче биз буга туруштук бердик».
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова жана Кулатов айылынын тургуну Анарбаев Маматжандар COVID-19 вирусунун жайылуусуна бөгөт коюу максатында Жал айылдык №16 ооруканасына жардам берүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Айылдын кайрымдуу …
Сыртта эмгектенген эр азамат, эл үчүн күйгөн балдары айыл элинин ден- соолугуна кам көрүшүүдө. Айыл активисттери бул аманатты так жана калыс жеткирүүгө аракет кылганын айтышат.
Кулатов айыл аймагындагы күндүзү келип кетүүчү стационардык ооруканага стационар ачылгандан бери 14 күн ичинде 185 оорулуу кайрылган. Алардын 13ү ооруканага жаткырылды, 15и айыгып чыкты.
Карантинге карабай ар дайым көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет кылган үй- бүлө. Ар дайым жакшы жакты ойлонуп, илдетти жеңебиз деп үмүт кылып, күндөрүн жакшы өткөрүшөт.
Учурда Кыргызстандын бардык аймагында ар бир айылда айыл тургундары, айыл аксакалдары, Мекенден сыртта окуп-иштеп жүргөн жаштар пандемияны алдын алууда ар тараптуу жардамдарды көрсөтүшүүдө.
Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери айрым балдардын иммундук жетишүүсүн текшерүү максатында бир нече балдардан анализдерди алды. Бул иш- чаранын негизги максаты өзгөчө пандемия …
Лейлек райноуна караштуу Сумбула айыл Өкмөтүнүн Искра айылындагы 84 жаштагы жалгыз бой карыясы Кенже Минжигитовдун жашаган үйү жергиликтүү жаштардын демилгеси менен жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен толук ремонттон өткөрүлдү.