Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жаңы окуу жылына карата окуу китептери таратылды. Кырдаалга байланыштуу окуучулардын коопсуздугун жана санитардык гигиеналык талаптарды сактоо үчүн атайын график түзүлгөн.
Класс жетекчилер окуучуларга китеп таратууда.
Мектептин китепканачысы Жылдыз Тыныбек кызы: “Берилген көрсөтмөгө ылайык бардык класстарга окуу китептери 15-августка чейин таратылып бүтүшү керек болчу. Азыр дээрлик бардык окуучулар китептерин алып кетишти. Орус тилдүү класстарга гана айрым китептер жетишсиз. Бирок жетишпеген китептерге билдирме берип турабыз. Болушунча толук камсыз кылганга аракет кылабыз”,- дейт.
Ал эми 9-классынын класс жетекчиси Акмөөр Шералиева китепканада болгон китептерди алганын, жок китептерди ата-энелер менен байланышып, сатып берүү жагын сунуштайбыз. Аралыктан окууда китеп сөзсүз керек деген оюн билдирди.
Барчын Мамытбекова