Талас шаары боюнча жылуулук берүү сезону 2017-жылдын 3-ноябрынан башталып, 2018-жылдын 20-мартына чейин уланат. Жалпысынан шаарга жылуулук 151 күн берилет.
Талас жылуулук камсыздоо ишканасында шаар боюнча 4 откана бар, анын ичинен 3 откана көмүр менен, ал эми борбордук откана мазут менен иштейт.
Отканалар 44 көп кабаттуу үйдү жана 97 коммерциалык ишкананы жылуулук менен камсыздайт. Бир кыштан чыгуу үчүн жылуулук камсыздоо ишканасына жалпысынан 1700 тонна көмүр жана 1500 тонна мазут керектелет.

Откана
Талас жылуулук камсыздоо ишканасынын жетекчиси Мирлан Казиевдин айтымында, бул отканалар 40 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келүүдө.
“Аталган отканалар өзүнүн мөөнөтүн иштеп чыгышкан. Жайында бир отканабызды жаңырттык. Дагы жаңы көмүр отказандарга сунуштама берип жатабыз. Жаңы жылга чейин орнотуп ишке киргизебиз деген ойлорубуз бар”, — деди ал.

Талас шаарынын отканалары 1976-жылы курулгандыктан, алар жаңыртылууга муктаж. Оңдоп-түзөө иштерине 2017-жылы 2 миллион сомдон ашык акча сарпталган. Быйлкы жылдын эсеби менен №4 отканага жаңы заманбап отказандар коюлду.
Бүгүнкү күндө жылуулук камсыздоо ишканасынын дебитордук карызы (элдин карызы) 9 миллинон сомдун тегерегинде.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова